Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын мурдагы башчысы: Алмазбек Атамбаевдин таасири төмөндөп бараткандыгын митинг көрсөттү

Ошол эле учурда, мурдагы президент, башка өлкөлөрдүн жетекчилерине, анын дагы бүтө элек иштери бар экендиги тууралу эскерткени жөнүндө да пикирлер бар

КСДПнын акыркы митинги Алмазбек Атамбаевди колдогондор мурдагыга караганда кыйла азайгандыгын көрсөттү. Ушундай пикири менен УКМКнин мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев Vesti.kg сайты менен бөлүштү.

- Мурда Атамбаев митингге чогултканда миңдеген адамдар келишчү, - деп эске салды ал. - Азыр болсо, «социал-демократтардын» партиясы бөлүнүп калгандыктан, мурдагы президенттин таасири түшүп баратат. Бул саясий бирикменин келечеги өтө эле опурталдуу. Керек болсо, келе жаткан парламенттик шайлоодо алардын катышуусу да күмөн болууда.

Алмазбек Атамбаев каршылык акциясына көп элди чогултуу максатын алдына койгон эмес болсо керек деп боолголойт, саясат таанучу Максат Мамытканов.

- Митингдин максаты мурдагы президенттин саясий максаттарын көргөзүү болчу, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Мындай жүрүш ШКУнун саммитинин - маанилүү иш-чаранын алдында өзгөчө маанилүү. Ал бул окуянын өлкө үчүн өзгөчө мааниде экендигин өтө тушүнүп турат жана абалды курчутпады, ошол эле учурда анын алдыда бүтө элек иштери бар экендигин эскертти.

Мамытканов кошумчалагандай, Кыргызстанда саясий деңгээл акчанын бар экендиги менен аныкталат, анын үстүнө Атамбаевдин дайыма өзүнүн байлыктары жөнүндө кеп кылганы, аны эсептен эртелеп чыгарып койгонго болбой тургандыгын көрсөтөт.

- Ушундай ой жүгүртсөк, мурдагы президент дагы өзүн көрсөтчүдөй, - деп ишендирди саясат таануучу.

Эскерте кетсек, Vesti.kg сайты мурдараак билдиргендей, өткөн ишембиде КСДП партиясы «Паракорчулук менен чыныгы күрөш» аттуу митинг өткөргөн. Бирок, акцияны өткөрүү тууралу эки ай мурда кабарланган болсо да, мурдагы президентти колдоо үчүн көп эмес сандагы тарапташтары келген.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх