Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

240 миң сомго келген фотоаппарат. Бишкек шаардык кеңешинде мындай кымбат техниканын эмнеге керектеле тургандыгын түшүндүрүштү

Бишкек шаардык кеңеши мындай сатып алуу ЖМК өкүлдөрүнүн суранычы боюнча жасалып жаткандыгына ишендирүүдө

Бишкек шаардык кеңеши 240 миң сомдук фотоаппаратты сатып алууга ниеттенүүдө. Бул тууралу мамлекеттик сатып алууулар сайтынан билдиришет.

Бишкек шаардык кеңешинин маалымат кызматынын кызматкери Vesti.kg сайтына алардын сайтында жарыяланган сүрөттөр көпчүлүк учурларда «сапатсыз» жарыяланарын жана көптөн бери фотоаппараттын алмаштырылбай келгенин түшүндүрдү.

-Сиздерге мындан башка жаза турган эчтеке калбадыбы?, - деп жооп кылышты шаардык кеңештен. - Биз муну ЖМКнын өкүлдөрүнүн сууроолору боюнча сатып алып жатабыз, алар бизден бир канча ирет сапаттуу болгон фотоаппарат сатып алышыбызды суранып келишкен. Алар сүрөттөрдүн сапатсыз экендигин сындашкан.

БШК маалымат кызматында, алар качан акыркы жолу фотоаппарат сатып алышкандыгын тактап беришти.

Бишкек шаардык кеңеши, учурда үчүнчү жолу фотоаппарат сатып алууга аракет кылып жаткандыгын эсиңиздерге салабыз. Биринчи жолку учурда, Canon фотоаппараты үчүн техникалык мүнөздөмөлөр көрсөтүлгөн болчу - бул мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамды бузуу болуп эсептелген, себеби, аталган модель кесиптик аппаратуранын курамына кирет эле.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх