Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Асия Сасыкбаева: Эркек - саясатчылар назик келген Аида Саляновадан коркушат

Биринчи Май райондук соту мурдагы башкы прокурорду камакта калтырды  

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы башкы прокуор Аида Салянованы №1 тергөө абагында аппеляцияга бере албай турган укугунда камакта калтырды. Бул тууралу Vesti.kg сайтына анын адвокаты Рабига Сыдыкова кабарлады.

-Биринчи Май райондук сотунун 5-июндагы Аида Саляновага байланыштуу токтому күчүндө калды, - деди Сыдыкова. - Сот бул чечимди мыйзамдуу деп эсептейт. ошондуктан ал камакта калды.

Юристтин сөздөрү боюнча, Салянованын ден-соолугунда көйгөйлөр бар, ошондуктан ал, сот катуу чечим кабыл алды деп эсептейт.

-Аял кишини, ага коюлган шарттарда кармоо гумандуулукка жатпайт, - деп белгиледи Сыдыкова. - Аны камакта калтыруу аябай катуу жаза. Анын үстүнө апасы тарабынан күндө көңүл бөлүүгө муктаж болгон кичинекей баласы бар. Ал криминалитет тарабынан да түздөн-түз коркунучта турат.   

Жогорку кеңештин мурдагы вице-төрайымы Асия Сасыкбаева өз кезегинде соттун чечимине нараазы экендигин билдирди.

-Биздин эркек-саясатчылар назик бир аялдан коркушат жана аны темир тор артында кармап жатышат, деди Сасыкбаева Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүдө. -

Бул биздин кыргыз саясатынын маскарачылыгы. Алар  анын жүрөгүнүн кош жетишсиздигин эске алышса болмок. Ырайымдуулук жана боорукерлик деген түшүнүктөр аткаминерлерге чоң кызматтарга койгон алардын жакындарына келгенде гана пайда боло баштайт.

Эске салсак, Аида Салянова мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы тууралу иш боюнча камакка алынган.

Эльдос Казыбеков

Фото www





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх