Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бишкектеги  ШКУ кээ бир өлкөлөрдүн пикир келишпестигине карабастан, жарып чыккан иш-чара катары калат»

Өтүп жаткан саммиттен эмнелерди күтүү керектиги жөнүндө саясат таануучулардын пикирлери

Өтүп жаткан ШКУнун саммитинин алкагында, мүмкүн, азия аймагынын өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүү жалпы платформасы иштелип чыгат. Ушундай пикири менен Vesti.kg сайтына саясат таануучу Марс Сариев бөлүштү.

- Кыргыз тарабы самиттин күн тартибинде 20дай суроолор бар деп билдирди, - деп белгиледи ал. - Биринчи кезекте, албетте, аймактагы стабилдүүлүк жана терроризм менен күрөшүү талкууга алынат. Эгер жакында Санкт - Петербургда болуп өткөн Кытай менен Россиянын арасындагы экономикалык форумдан алып карасак, анда Россия менен Кытайдын ортосундагы мамилелердин вектору бир канча өзгөрүүгө барганын түшүнсөк болот. Бул тууралу айтылган фраза боюнча, аталган державалар өз кызыкчылыктарын  «ийинге ийин» туруп коргошот. Мурда мындайларды айтышчу эмес. Мындан, Кытай Россия менен жалаң экономикалык планда эмес, аскердик саясатта да кызматташат дегендик.

Марс Осмонкуловичтин пикири боюнча, Индия менен Пакистандын ортосундагы мамилелер, ошондой эле, Кытай менен Индиянын ортосундагы мамилелер да  чыңалып турса ШКУ саммити көп маселелер боюнча жиреп чыккан иш-чара катары болот.

Өз кезегинде башка саясат таануучу Кубат Султанбеков, ШКУ саммитинин негизги темаларынын бири «Жибек Жолу» долбоорун ишке ашыруу боло тургандыгын боолголойт.

- Албетте, экономикалык темалардан башка коопсуздук маселелери да талкууланат, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Бирок, биз ушундай иш-чаралардын алкагында, эреже катары эки тараптуу жолугушуулар да өтүп тура тургандыгын эстен чыгарбашыбыз керек. Эч нерсеге  карабастан, азыр так айта алабыз, ШКУнун өтүп жаткан саммити батыш өлкөлөрүнө жооп бериши да мүмкүн.

Эске салсак, 13-14 июнь күндөрү Бишкекте Шанхай кызматташтык убмунун эл аралык саммити өтөт. Кээ бир катышуучу-өлкөлөрдүн башчылары бул иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстандын борборуна келишти.

Вероника Малышева

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх