Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Равшан Жээнбеков: ЖК депутаттары бардык президенттерди бийликти узурпациялоого жана паракорчулукка  түртүүдө

Мурдагы парламентарий учурдагы Жогорку Кеңешти саясий сойку деп атады

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевдин парламент саясий  элита гана эмес, болгондо да, элдик элита деген билдирүүсү көптөгөн кыргызстандыктардын кыжырын келтирди.

Мурдагы парламентарий Равшан Жээнбековдун пикири боюнча, коомчулуктун мындай реакциясы депутаттардын жарандар арасында ишенич менен сыйдан чыгып калгандыгынан чыккан.

- Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө мыйзам чыгаргандар саясий элита катары эсептелген практика бар,- деди ал - Бул салт жана мыйзам. Дүйнө жүзүндө парламент ачык дискуссиялар, коомдук дебаттар, талаш-тартыш, чырдашуулар болуп турган жер катары эсептелет. Бирок, тилекке каршы, мына 30 жыл бою биздин башкаруу формабыздын туура эместигинен  Жогорку Кеңеш саясий сойкуга айланды. керек болсо, коомубуз да эл тарабынан шайланган өкүлдөрүбүздү ушундай көрүшөт, себеп дегенде, алар иштеп жаткан президентке кызмат көрсөтүшүүдө.

Парламентарийлердин өздөрү мамлекет башчысын бийликти узурпациялоого түртүп жатышканын, Жээнбеков кошумчалады.  

- Депутаттар паракорчулукка барууга көмөктөшүп жатышат, мыйзамдын үстөмдүгүн жана акыйкаттуулукту орнотконго жардам беришпейт, -деп баса белгиледи Жээнбеков. - Алар бардык президенттерди бийликти узурпациялоого түртүшөт. Ошондуктан, адамдар ойлошот, парламентте элиталар эмес, а саясий сойкулар олтурушат деп.  

Зулайка Эркимбаева

Фото www





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх