Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Рыскелди Момбеков: Өкмөт үчүн Чаткал району өгөй бала катары

Жергиликтүү жашоочулар Өзбекстандын президентинен жардам сураганга ниеттенип жатышкандыгын депутат билдирди.

Кыргызстандын өкмөтү үчүн Чаткал району өгөй бала сыяктуу - ал жакта эмнелер болуп жаткандыгы тууралу эч ким, эч нерсе сурашпайт. Бул тууралу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

- Бул райондун жашоочулары Өзбекстандын президентинен жардам сураганга даяр, - деп белгиледи ал. - Мындай жаман кабарды депутаттар да, аткаминерлер да, УКМКнын кызматкерлери да угушту. А чаткалдыктар эмнеге, мындай нараазы? Алардын нараазы болгону, айлык акыны алтынды казып жаткан кенде иштеп жаткан жергиликтүү жашоочуларга аябай аз төлөшкөндөрү,Кумтөр жана Жерүйдө lда эмгек акыларды төлөөнүн кыйла жогору экендигинде.

Өкмөт башчы аталган районго сөзсүз барышы керек жана ал жерде эмне болуп жаткандыгын териштириши, ошол эле учурда жергиликтүү калкка жардам көрсөтүшү керек деп кошумчалады Момбеков.

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх