Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Анвар Артыков: Депутаттар Атамбаевге бардыгын жүктөп атышып күлкүгө айланышты

ЖК депутаты кесиптештерин мурдагы президентти көрсөтмөлөрдүн негизинде гана күнөөлөөнү суранды жана кечээки  жыйындан кийин бардыгы Жогорку Кеңешти сындап жатышкандыктарына токтолду.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди бирдемкелерге күнөөлөнүн алдында, анын күнөөсүн тастыктоо керек. Ушундай билдирүү менен Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Анвар Артыков чыгып  сүйлөдү.

- Мен ушул темага аралашкым келген жок эле, бирок парламенттин кечээки жыйынынан кийин, мага урматтуу адамдар чалышып, депутаттар өздөрүн күлкүгө айландырышты деп айтышты, - деген ал кесиптештерине кайрылды. - Азыркы Атамбаев - мурдагы президент жана жөнөкөй эле жаран деп айтышты алар мага. Ал эми паракорчулук боюнча бир дагы далил жок.

Артыковдун сөздөрү боюнча, мурдагы президент өзүнүн иштеринде кемчилик болгондугун жашырбайт, бирок, анын мамлекетти башкаруудагы оң жагдайлар да бар экендиги жашыруун эмес.

- Эң эле аз дегенибизде, Кыргызстандын түштүгү электр жана газ менен камсыздалган, - деп баса белгиледи парламентарий. - Кыргызстанда паракорчулук бар, жана ууруларды олтургузуш керек. Ооба, бирок далилдер жок, бардыгын Атамбаевге жүктөп жатышат. Кечээки биздин сөздөрдөн кийин,  баары бизди сындап жатышат. Башында Атамбаев күнөлүү экендигине далилдерди тапкыла, андан кийин сүйлөй бергиле.

Эске салсак, , Vesti.kg сайты мурдараак, 40 депутаттын Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу тууралу документке кол коюшкандыгы жөнүндө билдирген. Аталган маселе боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

 

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх