Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Мусабекова: Мен апамдын курсагынан төрөлүп жатканда эле сөгүнүп чыкканмын 

Эл тарабынан шайланган өкүл, анын сөгүнгөн сөздөрдү колдонгондугу үчүн сүйлөп жаткан кыргызстандыктарга жооп берди

 

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова апасынын курсагынан сөгүнүп жатып төрөлгөндүгүн билдирди.

 

 Эл тарабынан шайланган өкүл, анын телефон менен сүйлөшүп жаткан дагы бир адамды сөгүп салгандан кийин чыгып жаткан ушактарга, ушундай жол менен жооп берүүнү туура көрдү.

 

Жылдыз Аманбековна, Facebook социалдык түйүнүндө өзүнүн кайрылуусун бир аз мурда жарыялаган.

 

«Урматтууларым, эс алгыла. Мен элита эмесмин жана менде этикетка жок. Эстетика тууралу эчтеке билбеймин. Мен жөнөкөй комбайнердин кызымын. Мен апамдын курсагынан чыгып эле сөгүнө баштагамын. Силер эмне билесиңер, кызганчаактар? Сиздер менин жолумда эмнелерден өткөндөрүмдү элестет да албайсыңар. Менде, керек болсо, пиар жасай турган командам да жок. Бирок, менин уйкум тынч. Мен өлкөбүздөн уррулук кылып уурдаган жокмун, жер саткан жокмун, элдер, байлык топтогон жокмун, менде керек болсо жөнөкөй саатым да жок. Бирок,мага маанилүү эмес,  алтын болобу, күмүш болобу, бриллианттары мененби, жыгачтанбы - алардын баары бирдей убакытты көрсөтөт», - ндеп жазды депутат.

 

Аны менен бирге эле,  Мусабекова өзүнүн кызганчаактарына өздөрүнүн сырткы кебетелерине көңүл бурууларын сунуштады.

 

«Кимдин, «Мусабекова сөгүнүп жатат», деп кубанып жатышкандарына эс алгыла деймин. Эки жыл мурда да, мен Бабыр менен (мүмкүн, сөз маркум Бабырбек Жээнбеков  тууралу болуп жатат - ред. эскертүүсү) эркектик намыска туура келбейт, андан дагы аксакал кишиге «сөгүнүп жатат» деп жүгүрүө берүү жана сүйлөө деп сөгүштүм эле. Ошондой эле ага мен өзүнүн жалган сөздөрү үчүн көрүндө ыйлай тургандыгын айтканмын. Чын, мен аны мамлекетке келтирген залалдары үчүн сөккөнмүн - аны жана анын баласын», - деп билдирди ал.

 

Жыйынтыгында эл тарабынан шайланган өкүл өз окурмандарына эч кимге кызганбаш керек экендигин жана кимдир бирөөнүн жүзү жакпай калса, аны айланып өтүүнү сунуштады.

 

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх