Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурат Суталиновдун врачы анын ден-соолук абалынын  бир аз жакшыра баштаганын кабарлады

Өтө катуу ооруган УКМКнин мурдагы башчысына Кыргызстанда жок дарылар керек

Онкологиялык оорулуу, УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов эркиндикке чыккандан кийин, өзүн бир аз жакшы сезип калды. Бул тууралу Vesti.kg сайтына аны дарылап жаткан врачы, Улуттук онкология борборунун химиотерапия өлүмүнүн башчысы Туруспек Абдылдаев айтып берди.

Анын айткандары боюнча, азыркы учурда Суталиновдун астмасынын приступтары көп кайталана баштагандыгынан, аны онкологияда дарылоо токтотулган.

- Азыр оорулу психологиялык жактан аз болсо да тынчтанып калды, дагы бир аз оорунун күчөгөндүгү бар, - деп белгиледи Туруспек Алдакандаевич. - Биз аны башка - таргеттик дарылоого өткөрдүк. Азыр ал кээ бир керектүү дарыларды издөөдө. Тилекке каршы андай дарылар Кыргызстанда жок. Кечээ жакында эле ал 20 күн онкологияда жатып чыкты. Өткөн жумада чыгып кетти жана азыр пульмонологдон дарыланып жатат, себеби анда бронхиалдык астмасы күчөп кеткен.  

Эске салсак, Мурат Суталинов ушул жылдын 7-майында  Бишкек шаардык сотунун чечими менен эркиндикке чыккан.

УКМКнин мурдагы башчысы 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларындагы иш боюнча 20 жылга эркинен ажыратылган.  

Зулайка Эркимбаева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх