Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Зарылбек Рысалиевдин сөздөрү басаңдап калган жана так эмес. Ага жалаң туугандары кирип жатышат

Депутатты жалпы палатага которушту. Анын аялы  дайыма жанында болууда

 

Жогорку Кеңештин депутатын, мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиевди жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которушту. Бул тууралу Vesti.kg  сайтына Президенттин иш башкармалыгынын ооруканасынын башкы врачынын орун басары Александра Олексюк кабарлады.

 

-Анын абалы орто кыйын абалда бааланууда, - деп тактады Олексюк. - Диагноз ошол эле бойдон калууда. Оорулуну палатага которушту. Анда кан басымынын туруксуздугу жана канындагы канттын деңгээлинин туруксуздугу сакталууда. Ага палатанын ичинде гана басканга уруксат берилген.  Сөздөрү басаңдап калган жана так эмес.

 

Башкы врачтын орун басары тактагандай, азыркы учурда Рысалиевге анын жанында болгон аялы жана жалаң гана туугандары жолугушууда.

 

Эсиңиздерге салабыз, ИИМнин жана ЖАМКнын мурдагы башчысы, парламент депутаты Зарылбек Рысалиев,  кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча ИИМинде болгон сурактан кийин ооруканага жаткырылган.

 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх