Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР Финчалгындоонун башчысы өзүнүн Матраимовдордун үй-бүлөсү менен туугандык катыштыгы бар экендигин тастыктады

Гуламжан Анарбаевдин айткандары боюнча, анын карындашы Руслан Матраимовго 20 жыл мурда турмушка чыккан.

Кыргызстандын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын  төрагасы Гуламжан Анарбаев МБКнын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек матраимов менен куда экендиктери тууралу маалыматты тастыктады.

Анарбаевдин түшүндүрмөлөрүн Vesti.kg сайтына КР ФЧМКнын маалымат кызматы берди.

«20 жыл мурда менин кичүү карындашым Матраимовдордун үй-бүлөсүнө келин болуп барган. Бүгүнкү күндө алардын улуу уулу 19 жашта. Мен эмне, эми өзүмдү сынга алып жаткандары үчүн аларды ажыраштырышым керекпи? Бардыгын эле кызмат менен аралаштырбаш керек.  

Мени менен Матраимовдордун арасында эч кандай мамиле жок. Алар өздөрүнүн жашоосу менен, биз өзубүздүн дегендей. Бизди эч нерсе бириктирбейт (партия, бизнес ж.б.у.с).

Ошол эле учурда менин Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков менен куда экендигим тууралу ушактарды да төгүнгө чыгарамын. <ул тууралу социалдык түйүндөрдө бир жарым жылдан бери айтып келе жатышат.

Бул маалыматтын чындыкка дал келбей тургандыгына ишендирип кетемин. Керек болсо, биздин ата-бабаларыбыз да бири-бир менен байланышта болушкан эмес. Бул жөнүндө мен мурда да айтканмын. Биз кудалардан да эмеспиз, туугандардан да эмеспиз. Дагы бир жолу кайталап айтайын.

Асылбек Шариповичти жалаң телевизордон көргөнмүн, жеке тааныш эмесмин.

Албетте, биз ушундай тарбиялуу, нравалык жактан туруктуу үй-бүлө менен куда болсок, өтө жакшы болмок. Бирок, андай эмес, - деп комментарийледи Гуламжан Анарбаев.

Эске салсак, ЖКтин депутаты Ирина Карамушкина, мурдараак Гуламжан Анарбаев, Матраимовдордун кудасы экен деп айтып чыккан.

Туугандардын эң кичүүсү Руслан Матраимов МФЧ башчысынын бир тууган карындашына үйлөнгөн деп билдирилген.

 

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх