Эмнеге Жээнбеков жалгыз Путин менен Си Циньпинди аэропортто жеке тосуп алды?
«Биздин президенттин жеке тосуп албаган мамлекеттердин башчылары, таарынышпайт, бирок, эске алып коюшат»
Россия жана Кытай – Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштөрү. Президент Сооронбай Жээнбеков бул жөнүндө, Шанхай Кызматташтык Уюмуна келген аталган өлкөлөрдүн башчылары Владимир Путин менен Си Циньпинди аэропортто жеке тосуп алып жатып айтты, - дейт юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев.
Жыйындын башка катышуучуларын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдор тосуп алышкандыктарын белгилеп кетпесек болбойт.
- Менин оюмча, эгер ал бардык конокторду жеке тосуп алууга мүмкүнчүлүк болгондо, бардыгын тосуп алмак, себеби, бул нерсе саясий мамилелерге чоң таасирин тийгизет, - деп белгиледи Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүдө саясат таануучу Марс Сариев. - Бирок, мындайга такыр мүмкүн болбоду, анткени, мамлекет башчыларынын учактары өтө кыска убакыт ичинде биринин артынан бири конуп жатты.
Ошондуктан, президент жеке тосуп алууга стратегиялык өнөктөштөрүн -РФ жана КЭР тандады. Саммиттин катышуучуларын, бул көрүнүш, эч бир кемсинтиши мүмкүн эмес, деп эсептейт Бөрүбашев: алар кабыл алып жаткан тараптын катуу графигин да, Кыргызстандын тышкы саясий багытын да жакшы түшүнүшөт.
- Алар эске алышат, албетте, бирок «таарынышпайт», -деп макул болот Сариев. - Балким, Казакстандын президенти, мурдагыдай эле Назарбаев болгондо, Жээнбеков аны да жеке тосконго убакыт тапканга аракеттенет эле. Ал эми Касым - Жомарт - Токаевди премьер - министр тосуп алса болот.
Эске салсак, бүгүн , Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын саммити өтүп жатат.
Жыйынга катышуу үчүн Россиянын президенти Владимир Путин, КЭР төрагасы СИ Цзиньпин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди ж.б. келишти.
Ошондой эле уюмдун өнөктөштөрү - Белорусиянын президенти Александр Лукашенко, Афганистандын президенти Мохаммад Ашраф Гани жана Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга катышып жатышат.
Ольга Федорчук
Фото www