Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖАМКтын мурдагы башчысы: Полотов баатырдык менен курман болгон жок. Ага эстелик орнотуу туура эмес!

Батукаевдин тарапкерлеринин колунан курман болгон ЖАББ мурдагы башчысынын атын түбөлүккө калтыруу тууралу депутаттын идеясы генерал Байзаковдун ачуусун келтирди

Кыргызстанда 2006-жылы түзөтүү колониясындагы массалык тартип бузуулардан курман болгон ЖАББнын мурдагы башчысы Икматулла Полотовго эстелик орнотуу сунушталды.

Жогорку Кеңештин кечээ жакындагы жыйынында, депутат Таабалды Тиллаев, ага Полотовдун туугандары кайрылып, жардам берүүсүн өтүнгөндөрүн билдирди.

- Туугандарынын айткандары боюнча эстелик учурда даяр, аны орнотууга жардам сурап жатышат, - деди ал кесиптештерине.

Бул демилге ЖАМКнын мурдагы башчысы Шейшенбек Байзаковдун ачуусун келтирди. Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүсүндө, ал Икматулла Полотов баатырдык менен каза болгон жок, анын элесине эч кандай эстелик тургузуунун кереги жок, деп белгиледи ал.

- Эстелик коюу үчүн адам баатырдык иштерди жасаш керек, - деди генерал Байзаков. - Мүмкүн көчөдө адамды өлтүрсө да ага эстелик тургузуш керекпи. Бул да ошондой эле. Туугандары таарынышпасын, бирок, бул менимче, эбинен чыккандык. Ал жерде андан тышкары башка өлгөндөр бар, ананда жарадар болгондор. демек, аларды да эскерүү керек. Бул менин жеке пикирим.

Эске салсак, колониядагы массалык тартип бузуууларды уюштурууда Икматулла Полотов каза болгон, ага кримтөбөл Азиз Батукаев күнөөлөнгөн. Аны 16 жыл 8 айга эркинен ажыратышкан.  

Зулайка Эркимбаева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх