Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каныбек Иманалиев Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу маселеси боюнча Комиссияны жетектеди

Депутаттык топтун биринчи жыйыны жабык эшик артында болуп өттү. келерки жумада алар күн сайын чогулмак болушту

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестик макамын алуу маселеси боюнча атайын депутаттык комиссия ачык режимде иштейт. Бул тууралу Vesti.kg сайтына аталган комиссиянын мүчөсү Евгения Строкова айтып берди.

- Бүгүн биринчи жыйыныбыз болуп өттү, ал жабык режимде болду, - деп белгиледи эл тарабынан шайланган өкүл. - Биз иштөө графигин аныктадык жана төраганы шайладык. Төрага болуп Каныбек Иманалиев шайланды. Ошол эле учурда биз кесиптештер жеке мамилелер үчүн комиссиянын колдонбоону чечтик.

Евгения Григорьевна, келерки жумадан баштап комиссия күн сайын иштей тургандыгын, жана аккредитация болгон журналистердин баары жыйынга катыша ала тургандыгын кошумчалады.  

Эсиңиздерге салсак, Vesti.kg сайты мурдараак билдиргендей, Жогорку Кеңеште атайын комиссия түзүлүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги алып салуу боюнча маселени карай турган болгон.

Ошол эле учурда мамлекет башчысынын кеңешчиси, Атамбаев коррупция менен чыныгы күрөш аттуу КСДПнын митингинин жүрүшүндөгү сөзүнөн кийин парламенттен мындай жүрүш боло тургандыгын кадыресе күткөндүгүн айтты.

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх