Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Канатбек Исаевди анын кесиптеши Атамбаевдин дарегине сын айткандан кийин кан чыкканча токмоктоп салдыбы?

Такталбаган маалыматтарга караганда, парламентарийге кабинетинде КСДП фракциясынын мүчөсү Бакытбек Жетигенов кол салган

 

«Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев кесиптеши Бактыбек Жетигенов тарабынан ур - токмокко кабылган. Бул тууралу «Фабула пресстин» башкы редактору Алмаз Темирбек кабарлады.

 

Анын айткандары боюнча, окуя Канатбек исаевдин парламенттин трибунасынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындап чыккандан кийин орун алган.

 

«Так ошол күнү ал өзүнүн кабинетинде кан чыкканча бакытбек жетигенов тарабынан ур-токмокко алынган. Ал туурасында сүрөттөрдү берүүгө сөз беришкен, кийинчерээк жарыялаймын», - деп жазды ал.   

 

Канатбек Исаев Vesti.kg редакциясынын телефон чалууларына өзү жооп берген жок. Анын кабыл алуу бөлмөсүнөн окуя тууралу эч маалыматтары жок экендигин кабарлашты.

 

- Алгач сиздерден угуп жатабыз, - деп жооп беришти ал жактан.

 

Исаевге кол салуу болгону туурасында Канатбек Кедейкановичтин уулу да уккан эмес.

 

- Аталгандар боюнча менде эч маалыматтар жок, - деди ал Vesti.kg сайтына.

 

КСДПнын фракция мүчөсү Бакытбек Жетигенов да комментарийлер үчүн кол жеткис болуп жатат.

 

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх