Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан, мүмкүнчүлүк бар кезде, Кытайдын берешендигинен колдонушу керекпи?  

«КЭР үчүн биздин региондо туруктуулук маанилүү»

Көптөн бери күтүлгөнпрезидент Сооронбай Жээнбеков менен кытай лидери Си Циньпиндин жолугушуусу төраганын Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары учурунда болуп өттү жана жемиштүү болгондой көрүнөт.  

Мисалга, биздин өлкө жакында ала турган 86 миллион доллар өлчөмүндөгү грант тууралу белгилүү. Бул каражаттар Бишкек жана Ош шаарларындагы энергетика, транспорт жана жолдордун курулуштарына жөнөтүлөт.

Кыргыз Республикасынан экологиялык жактан таза азыктардын импорттолушунун жогорулатууну Кытай мерчемдеп жаткандыгын Си Цзиньпин билдирди.

Сөз, бул жерде Кыргызстанда түзүлө турган түз инвесициялардын биргелешкен фонду жана көп багыттуу агроөнөржай паркы жөнүндө юолуп жатат. Мамлекет башчылары  «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушун да эстен чыгарышпады.

КЭР төрагасынын мамлекеттик сапарынын алкагында болуп өткөн «Кытай – Кыргызстан» бизнес - форумунда, биздин өлкөдө курула турган ири металлургиялык завод тууралу макулдашууга кол коюлду. Инвестицияларды тартуу жана коргоо боюнча Мамлекеттик агентствонун төрагасы Шумкарбек Адылбек уулунун айткандарына ылайык, кымбат баалуу металлдардын өндүрүшү боюнча ишкана Кыргызстанды гана эмес, жалпы Борбор Азияны камтыйт.  

«Биржада айланган каражаттардын жалпы суммасы 1.5 млрд долларды түзөт, - деди ал.  - Кийинчерээк, товардык биржаны башка өлкөгө сатабыз».

Жалпысынан, бизнес - форумда суммасы 7,7 млрд долларлык 24 документке кол коюлду. Алардын ичинде Кыргызстанда суу менен камсыздоо, канализация жана таштандыларды кайра иштетүүчү көйгөйлөрдү чече турган иштер менен алектене турган мамлекеттик - жеке менчик өнөктөштүгүнүн негизиндеги кыргыз - кытай ишканаларын түзүүгө байланышкан.

Саясат таануучулар белгилегендей, ушундай ынак коңшулук мартчылык - Кытайдын борборазиялык коңшуларына болгон мамилеси боюнча саясатынын органикалык бөлүгү

Мисалга, геосаясат боюнча эксперт, саясат илимдеринин кандидаты Денис Бердаков Vesti.kg сайтына, КЭР менен биргелешкен Батыштын, өзгөчө АКШ менен болгон карама - каршылыктарынан улам алар менен соода - экономикалык жактан өтө байланышта болгон үчун, бул өлкөгө өнүгүп бараткан технологиялар жарышуусунда өтө маанилүү.

- Кытайдын коңшулары ага аскер - саясий пландагы гана эмес, акыркы кезекте эмес технологиялык жактан коопсуздук алкагы катары эсептелет, - деп билдирди ал. - Ошондуктан КЭР масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга жардам көрсөтүү үчүн насыяларды, гранттарды сунуштап, өндүрүшкө жана илимге акча жаткырууга даяр. Кыргызстан таза жана илимге байланышкан өндүрүштү ташып келүүгө макул болушу керек.

Эксперт, Кытай үчүн  биздин аймактагы туруктуулук да өтө маанилүү экендигин белгиледи. Ошол эле учурда Европага кытайдан товарларды үзгүлтүксуз ташып туруу үчүн бул аймактын радикалдуу экстремистик топтордон эркин болушу маанилүү деп билдирди.

Көз карандысыз саясат таануучу Максат Мамытканов, кытай жетекчилигинин өз максаттарын ишке ашыруу үчүн саясий тынчтык мезгилинде өз долбоорлоруна «кепилдик» алууга аракеттенишет, себеби, келерки жылы жаңы парламентти шайлашат, а дагы бир нече жылдан кийин президент да алмашат.

- Кытай бизден көп нерселерди үмүт кылат, бирок, биздин өлкөдө материалдык да, техникалык да база жок, - деди ал Vesti.kg сайтына. - А биргелешкен макулдашуулар аларды түзөт.

Белгилүү саясат таануучу Марат Казакпаев Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүдө, КЭРдин биздин өлкөгө байланыштуу демилгелери «Бир алкак – бир жол» долбоорунун концепциясына толук жооп берет дейт.

- Биз бул демилгелерди колдошубуз жана алардын потенциалын колдонушубуз керек, - деп эсептейт ал. - Мисалга, сөз болуп жаткан, экологиялык жактан таза азыктарыбызды экспорттоонун  көлөмүн жогорулатуу. Айтып жаткан макулдашуулар биз үчүн өтө жакшы.

Эске салсак, Vesti.kg сайты кабарлагандай, 12-июнда Кытай эл Республикасынын төрагасы Си Циньпин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келген. 13 - июнда «Ала-Арча»  мамлекеттик резиденциясында кытай лидери менен президент Сооронбай Жээнбековдун ортосунда расмий жолугушуу болуп өткөн.

Жээнбеков, быйылкы жылы КЭРдин лидери менен үчүнчү жолугушуу мамлекеттер арасындагы стратегиялык кызматташтыктын активдүү динамикада жана жогорку деңгээлде экендигинен кабар берет жана Кыргызстандын «тайвань маселесиндеги» көз к4арашын дагы бир жолу тастыктады деп белгиледи.

«Тайвань Кытайдын бөлүнгүс бир бөлүгү болуп эсептелет, а Кытай Эл Республикасынын өкмөтү - жалпы Кытайдын атынан  жалгыз мыйзамдуу өкмөт, - деп баса белгиледи ал.

Ошондой эле, Бишкекке болгон мамлекеттик иш сапардын алкагында кыргыз - кытай бизнес - форуму болуп өттү.

Ольга Федорчук

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх