Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канатбек Исаевдин туугандандары, аны эч ким токмоктобогонуна ишендиришет

Депутаттын үй-бүлө мүчөлөрү Жогорку Кеңештин имаратындагы мушташ тууралу маалыматты төгүндөшөт

Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигенов өзүнүн кесиптеши Канатбек Исаевди токмоктогон эмес. Бул тууралу  Vesti.kg сайтына Канатбек Кедейкановичтин үй-бүлө мүчөлөрү кабарлашты.

Исаевдин туугандарынын айткандары боюнча, алар жакында аны менен сүйлөшүшкөн. Алар белгилешкендей, Жогорку Кеңештин имаратында эч кандай мушташуу болгонт эмес, депутаттын жүзүндө эч кандай мушташтын белгилери байкалган эмес.  

Эске салсак, мурдараак «Фабула пресстин» редактору Алмаз Темирбек социалдык түйүндөрдө ЖК депутаты Бакытбек Жетигенов Канатбек Исаевди мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине сын айткандан кийин анын  кабинетинде кан чыкканча токмоктоп салганы тууралу билдирген.

Журналист, жакынкы аралыкта өзүнүн маалыматтарынын тууралыгын тастыктаган сүрөттөрүн жарыялай тургандыгын да кабаолаган.  

Зулайка Эркимбаева

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх