Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тазабек Икрамов ЖК депутаттарынын санын кыскартууга каршы эмес

Ошол эле учурда, парламентарийлердин чоң эмес санын олигархтардын жеңил сатып ала тургандыгынан анын кесиптештери кооптонушууда. Андан дагы, эл депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушуусу дагы кыйындап калат 

Эгерде Жогорку Кеңеште 35 депутат кала турган болсо, анда алар шайлоочулар менен жолугушууларга көңүл бура албай калышат. Бул тууралу Vesti.kg сайтына парламентарий Бахадыр Сулайманов билдирди.

Тактап кетсек, мурдараак, change.org сайтында депутаттардын санын 120дан 30га чейин азайтуу талабы менен кол чогултуу тууралу жарыяланган болчу. анын автору Алена Хоменюк бир фракцияга айына 93 миң сом кетерин айтып арызданган эле. Андан тышкары, ал эл өкүлдөрүнүн бардык сый-ургаалдарын алып салууга жана айлык акыларын 30 миң сомго чейин түшүрүүнү сунуштаган. Азыркы учурда аталган петицияга 7479 адам өздөрүнүн колун коюшкан.

- Бул кол чогултууга жай эле мамиле кыламын, себеби, ар бир адам кол чогултууга жана өзүнүн канаатанбагандыгы тууралу ойлорун билдирүүгө акылуу, - деди Сулайманов Vesti.kg сайтына. - Бирок, 30 депутат өлкөнүн бардык жашоочуларын камтый алабы? Алар шайлоочулар менен жолугушууга чындап эле мүмкүнчүлүгү болобу? Депутаттар эл менен иштеши керек.

Ошол эле учурда, ал мындай аз сандагы депутаттар «олигархтар» тарабынан оңой эле сатып алууга дуушарланышы мүмкүн.

- Кайсы бир олигархтын алардын бардыгын сатып албайт деп ким кепилдик берет, - деп баса белгилейт ал. - Бул жерде мындай факторлор көп. 35 депутаттын керектүү сандагы мыйзамдарды сунушташынан да күмөн санаймын. Мисалга, өкмөттө 400-500 кызматкер, андан тышкары, төрт вице-премьерлер эмгектенет. Эмнеге аларга ушунча адам керек? Алар бир жарым - эки миллиард сомду сарпташат. А биз, 800 миллион сомдун тегерегинде колдонобуз.  

Кесиптеши менен башка депутат Анвар Артыков да тилектеш, анын пикири боюнча, 35 депутаттан турган парламентти «сатып алуу» өтө эле жеңил болот.

- Мындай кол чогултууларга көңүл сөзсүз бөлүү  керек, - деп белгиледи Артыков Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүдө. - Ошондо мындай парламентти башкаруу жана сатып алуу оңой болот. Депутаттар канчалык аз санда болсо, обьективдүүлүк ошончолук аз болот.

Өз кезегинде, парламентарий Тазабек Икрамов Vesti.kg сайты менен башкача көз карашта бөлүштү. Анын айтымында, кол чогултууну кубаттайт.

- Мындай жүрүштөргө мен каршы эмесмин, - деп билдирди Икрамов. - Эгер активистер эффективдүү программаларды сунушташса жана депутаттардын санын кыскартууга өздөрүнүн далилдүү аргументтерин келтиришсе, мен каршы эмесмин.

Эльдос Казыбеков

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх