Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар Алмазбек Атамбаевди уюшкан кылмыштуу топту түзгөндүгү менен  айыпташты

Мурдагы президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча комиссия, депутаттардын пикири боюнча,  мурдагы мамлекет башчы аралашкан кылмыштарды эсептеп чыкты

Жогорку Кеңеште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди  кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын комиссиянын жыйыны башталды.

Парламентарийлер өздөрүнүн пикирлери боюнча, мурдагы мамлекет башчысы мүмкүн аралашкан кылмыштардын тизмесин окушту. Мүмкүн кетирилген мыйзам бузуулардын тизмесин депутат Талант Мамытов окуп берди.  

Анын айткандары боюнча, Атамбаев, президент мезгилинде, 123 даана ок атуу куралдарын Россия жарандарына белекке берген.  

- Мыйзам, өзгөчө кызмат көрсөткөндөргө куралды белекке берүүгө мүмкүндүк берет, - деди ал. - Бирок, анын колунан куралды белекке алган кээ бир чет элдик жарандар уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү болуп саналышкан.

Андан тышкары, мурдагы президент бир канча жер тилкелерин мыйзамсыз алгандыгын, анын ичинде Кой-Таш айылындагы анын үйү курулган жер тилкеси да бар экендигин, ошондой эле, Ысык - Көлдө да бир канча гектар жеринин бар экендигин депутаттар божомолдошот.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна да парламентарийлер Алмазбек Атамбаевдин тийиштиги бар экендигин жорушту.

- Мурда башкы прокуратура Бишкек ЖЭБун модернизациялоонун жүрүшүнүн жыйынтыгында, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирилгендиги белгиленген, - деди Талант Мамытов. - Жалпысынан, биз ойлойбуз, Атамбаевдин бул ишке да байланышы бар, муну ал коомго кайрылып сүйлөгөн сөзүндө, өзүнүн бардык стратегиялык чечимдерди өзүм кабыл алгамын деп билдиргени күбө.  

Депутаттар мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын мурдагы президент Бишкек ЖЭБге көмүр жеткирүүнү да көзөмөлдөп тургандыгы жөнүндө  айткандарын эстешти.

- Ал уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана бийликти узурпациялаган. Бардык аталган фактылар элибизге жана мамлекеттүүлүгүбүзгө карата оор кылмыш болуп саналат, - деди Мамытов.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх