Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Журналист Алканова: Мени коомдук пикирге каршы чыккандыгым үчүн сындап жатышат

Матраимовдордун мүлкүн иликтеген автор, материалдарда колдонулган документтер  түп нуска экендигин айткандан кайра тартпайт

«Бешинчи каналдын» журналисти  Эльнура Алканова «Азаттыктын» Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун мүлкү тууралу иликтөөлөрүнө факт - чек өткөрдү. Алканова өзүнүн материалында видеосюжетте жарыяланган документтерден күмөн санагандыгын билдирет.

«Качан мен кесиптик адатым боюнча, Азаттыктын иликтөөлөрүн көрө баштаганымда, документтердин деталдарына көңүлүмдү бурдум. Биринчи байкаганым - видеороликтин үчүнчү минутасында, Али Кыргызстандан чет өлкөгө которулган акчалардын документтерин көрсөттү. Ал жерде Саимаитинин койгон колу кытай иероглифи стилинде турат. Андан кийин 27-минутада ал башка документтерди көрсөттү жана ал жерде Саимаитинин башка колу турат - латын стилинде. Мен жөн эле ошол кол коюну кесип алып, Yandex Photoнун издегичине салдым. Издегич сайттагы колдун көчүрмөсүн тез эле тапты» - деп жазды журналист өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына (автордун орфографиясы менен пунктуациясы сакталган-ред. эскертүүсү).

Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүдө Алканова, мени көпчүлүктүн пикирине каршы чыккандыгым үчүн сындашууда, -  деп айтты. Жана муну, анын айткандары боюнча, мурда анын жасаган иштери менен сыймыктанып жүргөндөр жасап жатышат.

- Бул сындардын толкуну, менин коомдук пикирлерге каршы чыккандыгыма байланыштуу болсо керек, - деп ой бөлүшөт журналист. - Мен бир канча жолу Матраимовдордун мүлкү тууралу маселелерди көтөрдүм, анын ичинде мурдагы президент Атамбаевдин пресс - конференциясында да суроо бергемин. Мени чындык үчүн күрөшкөн адам катары эсептешкендер, азыр сатылган материалды чыгарган деп ойлошот.

Алканова ачыктагандай, ал кесиптеши Токтакунов менен байланышып, өзүндөгү документтерди көрсөтүп, ушул теманы талкуулоо үчүн жолугушууну өтүнгөн. Бирок, ал «буюртма материал» менен алектенип жатасың деп баш тарткан.

- Ар бир кесипкөй адам өз ишинде ката кетириши мүмкүн, кээ бир маалыматтарды кайра текшерүүнүн бул жерде эч нерсеси жок, - деп белгиледи Алканова. - Биз Токтакуновго чалып, өзүбүз тапкан документтер менен бөлүшөлү дедик. Бирок, ал менин бирөөлөрдүн буюртмасын аткарып жатканымды айтып жатты. Эгерде кимдир - бирөө менин иликтөөлөрүмдө каталарымды көрсөтүп берсе, бул мага пайда эле болот. Эмне үчүн аткаминерлерди сындасак болот да, журналистерди сындоого болбойт?  Биз, Улан Эгизбаев экөөбүз, мындан бир канча жыл мурда Матраимовдор тууралу жаза баштаганбыз.

Ошол эле учурда Токтакуновдун өзү редакциянын билдирүүлөрүнө жооп берген жок. Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына иликтөөлөрдө көрсөтүлгөн документтер чыныгы документтер экендигин жазды.

«Азаттыктын» иликтөөлөрүндөгү документтер чыныгы документтер. Биздин иликтөөлөрүбүз дагы уланат.  «Дивандагы эксперттер», фейктегендер жана башкалар, күтө тургула. Дебатка жана эфирге чакырган кесиптештер, биз, силер менен иштешебиз. Эгер колуңардан келсе, Раимбек Матраимовду да, Искендер Матраимовду  чакыргандай чакырып көргүлө. Эгер андай боло турган болсо, мени да чакыргыла, анда башка сөздөр да болот. Мен ал жерге, ага бир канча суроолорду узатканы сөзсүз барамын. Ага бере турган суроолор өтө көп» - деп жазган Токтакунов.

Эсиңиздерге салабыз, мурдараак, «Азаттыктын» журналистери, Матраимовдордун мүлкү тууралу иликтөөнүн жыйынтыктарын жарыялашкан.

Ошол эле учурда социалдык түйүндөрдө ЖМКга иликтөөлөрдү түзгөн документтер менен маалыматтарды ким «куюшу» мүмкүн деген суроолорду колдонуучулар коюшууда.  Эң эле өзгөчөлөнгөн версиялардан болгон эки вариант сунушталууда: биринчиси, Алмазбек Атамбаевдин өчү; же болбосо, Сооронбай Жээнбековдун командасы коомдогу сын-пикирлерден качуу үчүн, документтер менен бөлүштү.

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх