Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Марс Сариев: Менин оюмча, Өмүрбек Текебаев эркиндикке жети күндүн ичинде чыгат

«Конституциянын атасы» менен болгон интервью бекеринен чыккан эмес деген пикирлер бар

Өмүрбек Текебаев эркиндикке жети кундүн ичинде чыгышы мүмкүн. Ушундай пикири менен Vesti.kg сайтына саясат таанучу Марс Сариев, камактагы саясатчынын «Азаттык» агентствосуна акыркы берген интервьюсун комментарийлеп жатып бөлүштү.

- Текебаевдин интервьюсун бардык жерде көрсөтүп жатышат, бул деген аны жакынкы убакытта эркиндикке чыгарат дегендик, - деп божомолдойт эксперт. - буга учурдагы президенттин тарапкерлери кызыкдар, себеби, Текебаев келтирген фактылар учурдагы бийликтегилерге жардам берет. Бул Сооронбай Жээнбековго тараза ташын оодарат. Ошол эле учурда Атамбаевде да өз көзүрлөрү бар.

Тактап кетебиз, камактагы мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев азыркы учурда М.Миррахимов атындагы кардиология жана терапия Борборунда жатып, «Азаттык» агентствосуна интервью берген, анын жүрүшүндө, ал өзү согуштук абалда экендигин жана мындан ары да күрөшө бере тургандыгын билдирген. Андан тышкары, «Конституциянын атасы» мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине бир катар олуттуу күнөөлөрдү коюп жаткандыгын билдирген.

 

Саламат Шакиров

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх