Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Турсунбек Акун бүгүн Алмазбек Атамбаевди сотко берүүнү ойлогон

Мурдагы акыйкатчы юрист менен бирге бардык керектүү документтерди даярдаганга жетишпей калган

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун жакынкы күндөрдө Алмазбек Атамбаевди жана «Апрель» телеканалын сотко берет. Бул тууралу ал өзү Vesti.kg сайтына билдирди.

Анын айткандары боюнча, документтерди берүү процедурасы татаал, ошого байланыштуу бул процесс узакка созулуп кетти.

- Даттануу арызын бүгүн берели деп ойлодук эле, бирок биз ойлогондой болгон жок, -деди түшүндүрдү Акун. - Менин адвокатым документтерди даярдоодо. Жакынкы бир -эки күн ичинде даттануу арызын беребиз.

Эске салсак, , Турсунбек Акун Алмазбек Атамбаевди жана «Апрель» телеканалынан өзүнүн беделине жана абийирине шек келтиргендиги үчүн 120 миң сом өндүрүп алууга ниеттенип жатат.

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх