Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Конституциялык палатанын иштерине президенттин аппараты кийлигишкендигин тастыктаган документтер калкып чыгышы мүмкүн  

Атамбаевден кол тийбестикти алып салуу боюнча комиссиянын жыйынында Клара Сооронкулова чыгып сүйлөдү

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Атамбаевден кол тийбестикти алып салуу боюнча комиссиянын жыйынында  доклад менен чыгып сүйлөдү.

Жогорку Кеңештин Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алып салуу боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиясы өз ишин улантууда.

Бүгүнкү жыйында Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова чыгып сүйлөп, Атамбаевди гана сындабастан, парламентарийлерди да сындап өттү.

- Мен КР Конституциясынын 5-беренесин эсиңиздерге салгым келип жатат, анда эч кандай топ жана адамдар бийликти узурпация кыла албайт деп жазылган, - деп баса белгиледи ал. - Бул сөздөр курман болгон адамдардын кандары менен, Медет Садыркулов сыяктуу машинада көз жумгандардын, Геннадий Павлюк сыяктуу балкондон ыргытылгандардын жана аянттарда курман болгон адамдардын көз жашы жана кандары менен жазылган. 2010-жылы булардын баары кайталанбашы үчүн механизмдерди алып салышып, президентке тиешелүү мамлекетти башкаруудагы  20дан ашык ыйгарым укуктар кыскартылган. Мамлекет башчысы Конституциянын гаранты болбой калган, адам укугунун жана эркиндигинин гаранты болбой калган жана ошондой эле улуттук коопсуздукту камсыздаган укуктан ажыратылган. Ал, керек болсо өкмөттү да түзгөнгө акысы кыскартылып, мыйзамдарды сунуштабай калган.

Сооронкулованын айткандары боюнча, бийликти узурпациялоонун күнөөсү парламенттин азыркы чакырылышына да тиешелүү.

- Президент алсыз болчу, муну кимдир-бирөө сездиби? - деп улантты ал. - Эгер Акаев, Бакиевдер Конституцияны пайдаланып бийликти узурпацияласа, ал эми Атамбаев болсо, өлкөбүздүн негизги мыйзамына таянып алып, ага каршы иштерди жасаган. Бүгүндөн баштап, мурдагы президентти кол тийбестиктен ажыратуу жана аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен, биз, аны менен эсептешибиз керек деп ойлобошубуз керек, биз,  биздин тарыхты уяткарган бүгүнкү барагы жөнүндө ойлонушубуз керек. Биз Атамбаевге ушундайларга барганга мүмкүнчүлүк бердик, анын ичинде бешинчи жана алтынчы чакырылыштагы парламент да мүмкүнчүлүк беришкен.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, бүгүн  парламентте жеке таарынычтарымдын аркасынан сөз сүйлөп жатканым жок деп, баса белгиледи.

- Мен юрист катары, бийликти узурпациялоонун элементтери болгон эмес деп айта албаймын, - деди Сооронкулова. - Кечээ ЖМКлар ушул жерде Атамбаевге таарынган адамдар сөз сүйлөп жатат дешти. Бирок, ал андай эмес. Биз - бийликти узурпациялоонун курмандыктары болобуз. Аталган комиссия ага тарыхый баа берүүгө милдеттүү. Эгерде бул маселени референдумга алып чыксак дагы жакшы болмок. Бирок, процесс жүрө баштагандан кийин, аны эсептешүүнүн куралы катары колдонбошубуз  керек.

Ошол эле учурда Сооронкулова Алмазбек Атамбаевдин Конституциялык палатанын чечимдерине да таасир этип тургандыгын депутаттардын эсине салды.

- Качан мен Атамбаевдин таасирине каршы чыкканымда, президенттин аппаратынын мүчөлөрү жана депутаттар мени кызматтан алышкан, - деди ал. - Ал түздөн-түз көрсөтмөлөрдү жана жазуу түрүндөгү тапшырмаларды берип турган.

Ал сөздөрүн жыйынтыктап жатып, анын колунда президенттин аппаратынын кызматкерлеринин  Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүнө кийлигишип тургандыгын тастыктаган документтердин бар экендигин билдирди.

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх