Комиссия криминалитетке курал белекке бергени тууралу Атамбаевге күнөө оодаруунун кереги жок деп чечти
ИИМнин өкүлү мындай фактылардын катталбагандыгы тууралу депутаттарга билдирди
Укук коргоо органдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Россиянын жарандарын ок атуучу куралдар менен сыйлагандыгы, алардын ичинде УКТтун мүчөлөрү бар экендиги жөнүндө малыматты тастыкташкан жок.
Атайын түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынынын жүрүшүндө ИИМ Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Мырзалы Жумабаев аталган фактылар боюнча катталган эпизоддордун жок экендигин билдирди.
Мына ушуларга байланыштуу биз Атамбаевди курал берген деп күнөөлөй албайбыз, деп билдирди парламентарий Каныбек Иманалиев.
- Демек, бул маселе боюнча аны күнөөлөгөнгө негиз жок, -деди депутат.
Ошону менен бирге эле, ИИМнин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Мырзалы Жумабаев азыркы учурда мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушуна Алмазбек Атамбаевдин тиешеси бар же жок экендиги тууралу текшерип жатышкандыгын кошумчалады.
Зулайка Эркимбаева
Фото www