Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нариман Түлеев качан Алмазбек Атамбаев андан акча сураган учурларын эсептеп берди

«Анын биринчи көрсөтмөсү - мени жок кылуу болгон»

Бишкектин мурдагы мэринин кызы - Назгүл Түлеева - мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алып салуу боюнча атайын түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында сөз сүйлөдү.

Ал Нариман Ташполотовичтин Атамбаевдин кандайча аны саясий аренадан «чыгарып салгандыгы» тууралу катын окуп берди.  

Төмөндө анын катынын тексти келтирилген:

«Мен 2019-жылдын 13-июнунда комиссия түзүлгөндүгүгүн билдим. Төмөндөгү учурларга депутаттардын көңүлүн бургум келди:

12 июнда Канатбек Исаев Алмазбек Атамбаев 2010-жылдан кийин байыган деп айтты. Ал менден шайлоодогу саясий компанияны өткөрүүгө акча беришимди суранды. Мен акча бердим, бирок ал мага акчаларымды кайтарып берген жок, жана 180 градуска мамилесин өзгөрттү. 2007-2008-жылдары ал кайра менден акча сурады. мен сиздерге кийин иштин жагдайлары тууралу кенири айтып бере аламын.

2010-жылдын декабрь айында Жогорку Кеңеште биз жеңил рейтинг жолу менен премьер - министрди шайлап жатканбыз. Анда мен, Бабанов, Равшан Жээнбеков жана ал катышканбыз. Мен 26 добуш алдым, жана ал мени саясий аренадан чыгарып салууну чечти. мага басым жасалып жатты, дайыма артымдан аңдуулар жүрдү.  Атамбаев мени ушунчалык жек көргөндүктөн, ал өзүнүн кызмат ордуна киришери менен биринчи көрсөтмөсү - мени жок кылуу болгон. Анда Атамбаевдин тизмесиндеги биринчи саясатчы мен болгом.

Ал мени финансылык жактан дагы жок кылгысы келген. Анын командасы паракорчулук менен күрөшүү урааны менен мени тоношкон. Булардын бардыгын комиссия менен иштешкенде айтып бере аламын.Алардын бардыгы укук коргоо жана сот органдарынын ыйгарым укуктарын өздөрүнө ыйгарып алууда көрүнүп турган. Кылмыш ишине тиешеси жок адамдардын мүлкүн алышкан. Мен Сиздерден мага тиешеси бар иштерге менин маалыматтарымды комиссиянын ишине киргизип коюшуңуздарды суранамын. Анын баары Атамбаевдин киришүүсү менен блуп укуктар бузулган да.

Биз Жогорку Сотко, ММБФна, соттук департаментке биздин мүлктөрүбүздү мыйзамсыз улутташтыргандыгы тууралу кайрылганбыз. Ошондо, биздин соттор керексиз экендигине биз ишендик», - деп жазган Түлеев.

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх