Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-премьер: Шамиль Атаханов берилгендиктин жалган түшүнүгүн эмес, үй-бүлөсүн тандады

«Атамбаевде бардыгын көзөмөлдөгөн адамы болгон, ошондуктан жакында биз Батукаевдин ишине аралашкан башка фамилияларды да угабыз»  

Мурдагы вице - премьер  Шамил Атахановдун Азиз Батукаевди бошотуу иши боюнча Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүү жөнүндөгү чечими күтүлгөн нерсе болчу. Ушундай пикири менен Vesti.kg  сайтына мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов бөлүштү.

- Мен качан Атахановдун Атамбаевге каршы көрсөтмө бергени тууралу укканымда, таң калган жокмун, - деп белгиледи ал. - Себеби, мен  Батукаевди бошотуу тууралу иш менен тааныш болгомун деген Атамбаевдин сөзүн мындан мурда эле айткан болчумун. Мен аталган иштер жөнүндө эмне ойлогонумду эч кимге айткан эмесмин, бирок өзүм үчүн белгилеп койгонмун, бардык мамструктуралардын жогор жактан команда жок мындай так иштегендиги мүмкүн эмес болчу деп.

Феликс Шаршенбаевич, Алмазбек Атамбаевдин Батукаевди бошотуудан акча алгандыгы тууралу фактыга ишенбей тургандыгын түшүндүрдү.  

- Мага, ал жерде башка жашыруун нерсе бардай сезилди, - деди ал. - Мүмкүн, кримтөбөлгө Чеченстандан башка жердештери суранышкандыр. Мурдагы президенттин миллион доллар үчүн мындайга бара тургандыгына ишенбеймин. Ал акчага мутаж эмес эле. Бирок, мунун баары жоромолдор. Ал эми Атахановго байланыштуу эмне айтмакчымын, анын кадамын сатылып кетти деп айтуу кыйын - ал берилгендик жөнүндөгү жалган түшунүктү эмес, жөн эле үй - бүлөсү менен жакындарын тандады. Ал туура кадам жасады, менин оюмча, бардыгы ушундай жасашат.

Ошол эле учурда, мурдагы вице - премьер Абдырахман Маматалиев эгер Шамил Атаханов болбосо, башка кимдир бирөө ал окуялар туурасында чындыкты айтмак деп ойлойт.

- Батукаевдин бошотулушу тууралу талкуулар болгондо, мен парламенттин депутаты элем, - деп Vesti.kg сайтына эстеди ал. - Ошол жылдары эле биз Атамбаевдин бул ишке тиешеси бар экендигинен шектенгенбиз, себеби, маморгандар ушунчалык тактык менен иштегендигине тан бергенбиз. Ал убакта бизди эч ким уккан эмес, эми минтип суурулуп чыгып олтурат. Менин оюмча, бардыгын көзөмөлдөгөн мурдагы президенттин кишиси болгон. Ошондуктан, жакында биз бул ишке аралашкан дагы башка фамилияларды угабыз.

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алып салуу маселеси боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын жыйынында, мурдагы вице - премьер Шамил Атаханов кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна мурдагы мамлекет башчысынын аралашкандыгы тууралу билдиргени белгилүү болду. Бул тууралу ИИМнин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Мырзалы Жумабаев атайын парламенттик комиссиянын жыйынында билдирди.  

Анын айткандары боюнча, Атаханов өзүнүн көрсөтмөлөрүндө мурдагы президенттин дал өзү Батукаевди бошотуу тууралу көрсөтмө бергендигин айткан.

Вероника Малышева

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх