Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Депутаттык комиссияда Атамбаевге таарынган адамдар чогулган»

Эксперттер, мурдагы президентке элдин мамилесин Сооронкулова сунуштагандай референдум аркылуу эмес, социалдык изилдөөлөр аркылуу ачып көрсөтүү жакшы натыйжасын берет  деген ишенимде

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу жөнүндөгү маселени референдумга алып чыккан туура болот. Бул тууралу атайын түзүлгөн депутаттык комиссиянын бүгүнкү жыйынында Коституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдирди.

«Бул маселени референдумга алып чыксак жакшы болмок, бирок, процесс ушунчалык башталгандан кийин, аны өч алуу кмаксатында колдонбошубуз керек»,- деди Сооронкулова.

Ал арада саясат таанучу Чынара Эсенгул Vesti.kg сайтына Сооронкулованын пикирин колдобой тургандыгын айтты. Ал плебисцит өткөрүүнү максатсыз деп эсептейт, себеби, Кыргызстандын шайлоо системасы «өтө эле ачык эмес».

- Менин оюмча, бул  туура эмес практика, себеп дегенде, адамдарды саясий оюндардын объектиси катары колдонушат, - деп ойлойт эксперт. - Учурда бул маселени элдер эмес, депутаттар чечип жатышат. Ошол эле учурда, биздеги добуш берүү адаттагыдай эле, ачык-айрым эмес. Мүмкүн, бийлик көргүсү келген жыйынтыктын чыгып калышы да кажет эмес.

Референдумдун ордуна Эсенгул, Атамбаевдин иммунитетин алып салуунун мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү коомдук пикирди иликтөө боюнча социологиялык изилдөөлөр менен алектенүүнү сунуштайт.

- Референдумду өткөрүүгө канчалаган ресурстар жумшалат - финансылык жактан да, ошондой эле адам ресурстары, - деп белгиледи Эсенгул. - Социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүндүгү бар, эгерде депутаттар чындап эле элдин пикирин билгиси келсе.

Эсенгулдун пикирин башка эксперт Кубат Султанбеков да колдойт, ал Vesti.kg сайтына референдум өткөрүүнүн ордуна түрдүү коомдук уюмдардын катышуусу менен объективдүү комиссия түзүү керек деп айтты.

- Аталган маселени чечүү менен алектенген депутаттык комиссия - объективдүү комиссия эмес, себеп дегенде, ал жерде Атамбаевге таарынган адамдар чогулуп калган, -деп ишенет Султанбеков. - Мага караганда, бул ишке ӨЭУ өкүлдөрүнөн жана активистерден түзүлгөн объективдүү  комиссияны тартуу керек.

Эске салсак, Жогорку Кеңеште мурдагы президенттин кол тийбестигин алып салуу боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлгөн болчу.

Эльдос Казыбеков

Фото www

 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх