Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттык комиссия эки күндүн жыйынтыгын чыгарды жана Атамбаевге күнөөлөрдү  койду

Мурдагы президенттин дарегине коюлган күнөөлөрдүн саны тогуздан алтыга түштү

Жогорку Кенеште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алып салуу боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын жабык жыйыны аяктады.

Парламентарийлер жасаган иштеринин жыйынтыгы боюнча мурдагы өлкө башчысына коюлган күнөөлөрдүн санын тогуздан алтыга түшүрүштү. Ошентип, ага төмөндөгүлөр боюнча күнөөлөр коюлду: Бишкек ЖЭБун модернизациялоодогу, тарых музейин оңдоодогу  мыйзам бузуулар, Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу, ЖЭБна көмүр ташууга тийиштигинин бар экендиги, Кой - Таш айылындагы жер тилкелери боюнча маселе, ошондой эле «Фрунзе Резорт» үчүн Ысык-Көл облусундагы 4,6 гектар жердин мыйзамсыз бөлүнүшү жана андагы бир жер тилкесин жеке колдонууга алгандыгы тууралу күнөөлөр.

Комиссия мүчөлөрү, акыркы чечим даярдалып жаткандыгын жана бүгүн Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча Комитетинде карала тургандыгын кабарлашты.

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх