Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Зарылбек Рысалиевдин абалы орто катуу деп бааланууда

Депутат сүйлөгөнгө кыйыныраак болуп жаткандыгына жана башынын ооруп жаткандыгына даттанууда

Жогорку Кеңештин депутаты, ИИМнин жана ЖАМКнын мурдагы башчысы Зарылбек Рысалиевдин ден-соолугунун абалы азыр орто катуу абалда деп бааланууда. Бул тууралу Vesti.kg сайтына президенттин иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын дарылоо бөлүмүнөн кабарлашты.

- Бүгүнкү күнгө карата оорулунун абалы орто катуу абалда бааланууда, - дешти ооруканадан. - Ал керектүү дарыланууну алып жатат. Мындан аркы изилдөөлөрдөн кийин, кайталап докторлордун консилиумун өткөрөбүз.

Такталып жаткандай, Рысалиев сүйлөгөнү бир аз кыйын болуп жатканына, денесинин сол тарабындагы алсыздыкка жана мезгил-мезгили менен башы ооругандыгына даттанууда.

Башкы врачтын орун басары тактагандай, учурда Рысалиевге туугандары жана дайыма жанында болгон аялы гана киришүүдө.

Эске салсак, Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралу иш боюнча Ички Иштер министрлигиндеги сурактан кийин 7-июнда ооруканага жаткырылган.

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх