Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Фарид Ниязов: Алмазбек Атамбаев күрөш жүргүзүүнү баштайт  

КСДПнын саясий кеңешинде мурдагы президенттен кол тийбестикти алып салуу боюнча атайын түзүлгөн депутаттык комиссиянын иши тууралу эмнелерди айтышты?

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алып салуу боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссия мыйзамдарды бузуу менен түзүлгөн. Бул тууралу  пресс - конференцияда КСДП партиясынын юристи Нурбек Касымбеков билдирди.

Анын айткандары боюнча, депутаттар Жогорку Кеңештин Регламентинин, ошондой эле Конституциянын бир канча пункттарын бузушкан.

- Депутаттар кол тийбестиктен ажыратуу процедурасын башташты, бирок, парламенттин  регламентинде мындай процедура жок, себеби, мыйзамды кабыл алышкандан кийин түзөтүүлөрдү киргизишкен эмес, - деп түшүндүрдү ал. - Андан тышкары,  комиссияны түзүү жөнүндөгү өкмөттүн токтому мыйзамдуу күчкө кириши үчүн аны укуктук - ченемдик актылардын реестрине киргизүү зарыл. Андай болгон жок. Мына, бизде «Эркин Тоо» гезитинин акыркы чыгарылышы турат - мында жарыяланган токтом жок. Бирок, комиссия иштеп жатат.

Ошону менен бирге Касымбеков, комиссияга кызыкчылыктардын конфликтиси бар депутаттар да киришкен деп кошумчалады.

- Бул Талант Мамытовго, Канатбек Исаевге, Кожобек Рыспаевдерге жана башкаларга тиешелүү, - деп белгиледи ал. - Алар күнөөлөрдү коюну көтөрүп чыгышкан, эми көрсөтмөлөрдү да өздөрү карап жатышат.

КСДП партиясынын төрайымынын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова Жогорку Кеңештин төрагасынын атына  депутаттардын арасынан кимиси кайрылганы жана ошондой документ болгонбу белгисиз экендигин айтты.

- Мен профилдүү комитетке аталган документти бизге бериңиздер деп, расмий кайрылдым, бирок, азыркыга чейин жооп болгон жок, - деп билдирди ал. - Ошол эле учурда коюлган күнөөлөрдүн саны 5 болчу, андан кийин 9 болду. Мыйзам бузуулар өтө көп. Алдын - ала  билгенибизге караганда, депутаттар Атамбаевден кол тийбестикти каникулга тараганча алып салганды каалашат. Бирок, мөөнөттөрү боюнча бул процедура эки жарым айды камтышы керек.

Пресс-конференцияда «социал-демократтардын» саясий кеңешинин мүчөсү, мурдагы президенттин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов да сөз сүйлөдү.

- Алмазбек Атамбаев бардык мыйзамдардын чегинде күрөш жүргүзөт, бирок, анын дарегине айтылып жаткан бардык күнөөлөр кургак сөз сыяктуу болууда, - деп белгиледи ал. - Качан бизге расмий документтерди беришсе, Алмазбек Шаршенович бардык суроолорго жооп берет.

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх