Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаттары парламенттин босого өтмөгүн 5 пайызга чейин түшүрүүгө каршы

«Менин оюмча, ал керек болсо 9 эмес, 10 пайыз болушу зарыл»

Босого өтмөгүн төмөндөтүп жана преференциалдык добуш берүүнүн принциптерин келе жаткан парламенттик шайлоолордо киргизүүгө жарандык активист Гүлнара Журабаева чакырды.

«Иштеп жаткан мыйзамдар боюнча тоскоол 9 пайыздын деңгээлинде коюлган, - деп жазды ал Facebook баракчасына. - Бул деген, кайрадан эле 2020-жылы президенттин кол алдында болгон  байлар менен аткаминерлердин туугандарынан турган парламентти түзгөн болобуз. Бир канча жолудан бери, биз бийлик бутактарынан чыныгы көз карандысыз боло албай келебиз».

Анын Vesti.kg сайтына түшүндүргөнүнө караганда, өтмөктү 5 пайызга төмөндөтүү анчалык деле белгисиз саясатчылар менен же жаңылардын таламдарын талашкан жарандардын идеяларын парламентте айтып турушкандардын келишине жардам берет. Бул, учурдагы парламентте ушунчалык жетишпей жаткан пикирлердин түрдүү өңүттө болушун камсыздайт, ошондой эле, эффективдүү компромисске жетүү үчүн шарттарды түзөт.  

- Элдер Ак үйгө чуркап барышып, өздөрүнүн талаптарын кыйкырып турушунун кереги жок - алардын өкүлү парламентте элди кызыктырган суроолорду көтөрүп турушу керек, - деп баса белгилейт Журабаева. - Качан пассионарийлерди саясий ишмердүүлүккө катышуудан четтетүү башталса, карама-каршылык күч ала баштайт. Биз Кыргызстан жарандары бардык күчүбүз менен тынчтыкка жетишүүгө кол кабыш кылышыбыз керек.

Көпчүлүк партиялардан түзүлгөн коалиция туруктуу болбой, өзүн актабагындыгына активист ишенет: тескерисинче, бири - биринен алыс адамдарды ошол мүнөттөгү кызыкчылыктар эмес, стратегиялык кызыкчылыктар бириктирет жана, ал биригүүнүн туруктуулугун камсыздайт.  

- Салыштырып көрүңүздөр: мамлекет башчысынын кызмат ордуна эки талапкерди сунуштаган оңбу же он бештиби? - деп мисал келтирди ал. - парламентте да ошондой - тандоо канчалык көп болсо, ошончолук жакшы.

Эл арасында популярдуу болбогон идеяларды жылдырып жаткан саясий кыймылдардын 5 пайыз добуш алышып парламентке келишинен Журабаева коркпойт. Ал, эгерде шайлоолорго болгону миллион адам катышса да, андагы 5 пайыз шайлоочулар - 50 миң тарапкердин добушу дегенди түшүндүрөт деп эске салды.  

- Мындай карасак, кандай гана жаңылануу болбосун жалгыз адамдан башталат, - деп ишендирет активист. - Эгерде аларды Жогорку Кеңеште угуп калышса, анда көзгө көрүнүп калган саясий күчтөр ошол көйгөйгө көңүл бурушат. Мына, Ысык-Көлдөгү уранды өндүрүп алуу маселеси менен байланышкан окуя.  Жарандар көтөргөн бул демилгени депутаттардын колдогондугунан башталгандыгы баарыбызга маалым.

Преференциалдык добуш берүү да калктын саясий активдүүлүгүн жогорулашына таасир берет деп ишенет Журабаева. Эгер жарандарда алар колдогон так ошол депутат үчүн добуш берүү мүмүнчүлүгү болсо,  алар сөзсүз шайлоо бөлүмдөрүнө келишет.

- Бул керек болсо, ички партиялык демократияны күчөтүүгө кирет, - деп эсептейт ал. - андыктан биз парламентаризмге карай жөнөсөк, анда партияларды бекемдешибиз керек. Алар шайлоонун алдында түшүнүксүз кимдир  бирөөлөр тарабынан түзүлгөн бир күндүк партиялар болбошу керек.

Гүлнара Журабаева парламентарийлер эртең кабыл алууну пландаган «КР Президентин шайлоо жөнүндөгү жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу сураныч менен элдерди депутаттарга кайрылууга чакырды.

Бул тууралу эл өкүлдөрү эмне деп ойлошот?

- Мен босого өтмөктүн керек болсо 9 эмес, 10 пайыз болуш керек деп эсептеймин, - деп билдирди Мухтарбек Айнакулов (КСДП) Vesti.kg сайтына. - Парламентте болгону 2-3 эле партия болушу керек. А төмөн иреге менен элге таанылбаган кичинекей саясий бирикмелердин парламентке келип алышып, бири - биринен программаларын көчүрүп менен, элге эч кандай кызыкчылыктарды сунуштай алышпайт, алар жалаң өз кызыкчылыктарын көздөп калышат. Ал эми алардын кызыкчылыктарын азыр иреге өтмөгүн төмөндөтүүнү сунуштап жаткандар колдошот.

Айнуру Алтыбаева (СДПК) Vesti.kg сайтына, азыркы иштеп жаткан 9 пайыздык ирегени учурдагы чакырылыштын парламенти «бир добуштан» кабыл алганын, ошол эле учурда, бул эреженин шайлоолордо бир да жолу «тапталбагандыгын» эске салды.

- 2010-жылкы шайлоолордо 5 пайыздык иреге, 2015-жылы - 7 пайыздык, ал эми  2020-жылы 9 пайыздык иреге болот, - деди ал. - Ирегени көтөрүүнүн негизги максаты парламентте көптөгөн майда партиялар  менен чачыранды болбой, күчтүү программалары бар партияларды бекемдөө болгон. Мен 9 пайызды коюунун демилгечилеринин бир болгом, ошондуктан азыркы убакта анын ошол бойдон калышы керек деп эсептеймин.

Көз карандысыз саясат таануучу Аркадий Гладилов парламентарийлердин пикири менен макул эмес. Анын Vesti.kg сайтына түшүндүргөнүнө караганда, бир партиянын башкалардын үстүнөн үстөмдүк кылбашы жана бардык мыйзам чыгаруучуларга таасир бербеши үчүн партиялардын парламентте көп болгону жакшы.

- Мен чектөөлөрдү 3 пайызга чейин төмөндөтмөкмүн, - дейт ал. - Бул баарынан жакшы болмок. Азыркы учурда Жогорку Кеңеште  альтернативдүү пикирлер жокко эсе, бирок, ирегени төмөндөтүү менен депутаттар көбүрөөк демократиялуу жана эркин иштешмек.

Эксперттин айтымында, Кыргызстандагы саясий партиялардын абалы өтө эле морт болуп көрүнөт,  көбүнчө, жетекчилик органдары, туруктуу программалары жок, белгиленген гана мүчөлөрү менен жана «кызыкчылыктары боюнча түзүлгөн саясий клубдар» сыяктуу көрүнүшөт. Кээ бир саясатчылар, кимдир-бирөө тарабынан сунушталган идеяны кайталашып,  кереги жок эле өз партияларын түзүп алышат.

- Бирок, мындан эч бир коркунуч болбойт, -деп ишендирет Гладилов. - Биз билгенден, Европада партиялык курулуштун  процесси ондогон, мүмкүн, жүздөгөн жылдарды камтыса, бизде болгону 20-30 болду (мен советтик мезгилди эсепке албадым, себеби, анда башка партиялык курулуш болгон). Бул цивилизациялуу  саясий маданияттын жана ага тийиштүү саясий структуранын түптөлүшү үчүн өтө аз мөөнөт. Биздин торолуп келе жаткан партиялык демократиянын деңгээли балалык мезгилге дал келет.

Эсиңиздерге салсак, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо 7 пайыздык ирегени КСДП (26,8 пайыз менен), «Республика-Ата Журт» (19,69 пайыз менен),  «Кыргызстан» (12,67 пайыз менен), «Өнүгүү – Прогресс» партиясы - (9,12 пайыз менен), «Бир Бол» (8,36 пайыз менен) жана «Ата Мекен» (7,57 пайыз менен) аттап өтүшкөн.

Ошондо ирегени 9 пайыз кылганда, Жогорку Кеңешке болгону 4 партия өтүшмөк экен (СДПК, «Республика-Ата Журт», «Кыргызстан» и «Өнүгүү – Прогресс»), ал эми «Бир Бол» менен  «Ата Мекен» ирегеден сыртта калышмак.

Ольга Федорчук

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх