Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Исхак Масалиев: Мен кесиптештериме айтканмын, көйгөйлөр чыгат деп. Уккан жоксуңар, эми талашып жатасыңар

Парламентарийлер Атамбаевдин тарапкерлеринин мыйзамдардын бузулгандыгы жөнүндөгү айыптоолоруна түшүндүрмө беришти

Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди мурдагы президент статусунан ажыратуу максатында атайын комиссия түзүшүп, Коституцияны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузушту. Ушундай билдирүүнү жакында КСДПнын маалымат кызматы таратты.  

Алар, Атамбаевдин мурдагы президент статусун 2017-жылдын 24-ноябрында кабыл алгандыгын, ошол убакта «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндөгү» КР мыйзамы мурдагы мамлекет башчысын жоопко тартууну караган эместигин айтышкан. Бул мыйзамга түзөтүүлөрдү парламент 2019 -жылдын 4-апрелинде кабыл алган, ал эми 2019-жылдын 27-майында толук күчүнө кирген.  

«Мында, Конституциянын 28-беренеси бузулган, ага ылайык, адамдын жоопкерчилигин далилдеген  же аны оорлоткон мыйзам, тескери таасирге ээ эмес, - деп КСДПдан белгилешти. - Аталган түзөтүүлөр өткөн мезгилге таасирин тийгизбей, келечектеги мезгилге иштеши керек».  

Партиядан, Жогорку Кеңештин  ыйгарымдарын аткаруу тартиби жана прцедуралары «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөгү» КР мыйзамы менен аыкталарын кошумчалашты. Бирок, мурдагы президентти статусунан ажыратуу боюнча ыйгарымдардын тартиби жана процедуралары аталган регламентте жок.

«Депутаттар мурдагы президентке кызматынан бошотуу процедурасын колдонууда, - деп маалымат кызматынан билдиришүүдө. - Ошол эле убакта, Жогорку Кеңеш тарабынан тийиштүү ченемдик актыларды мурдагы президентке карата колдонуу процедуралары  кабыл алынган эмес».

Андан ары социал - демократтар, президентке тагылган күнөөлөр так көрсөтмөлөрдү камтуу менен анын бул кылмыштарга аралашкандыгын негиздөө сунуштамасын «КР ЖК Регламенти жөнүндөгү»  мыйзам талап кыларын көрсөтүшүүдө.

«Бирок, кайсы депутаттар күнөө тагуу сунуштамасына кол коюшкандыгы жана депутаттардын сунуштамасында кандай так көрсөтмөлөр боюнча кылмыштын белгилери болгондугу азыркыга чейин белгисиз болууда, - деп КСДПдан билдиришти.  

Андан тышкары, саясий бирикмеде парламенттин атайын комиссияны түзүү тууралү токтому  юридикалык күчкө ээ эмес, себеби, ал КР «КР укуктук -ченемдик актылар жөнүндөгү» мыйзамынын 28-беренеси талап кылгандай, КР укук-ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилип, катталаган эмес.

Ошондой эле, депутаттар Талант Мамытовдун, Канатбек Исаевдин, Каныбек Иманалиевдин жана Кожобек Рыспаедин бул комиссиянын курамында болушу кызыкчылыктар конфликтине дуушар кылат деп эсептешет.

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДПнын төрайымы Асел Кодуранова да Алмазбек Атамбаевди мурдагы президент статусунан ажыратуу максатында түзүлгөн атайын депутаттык комиссияны түзүлгөндүгүн айыптайт.

- Конституциянын 28-беренесинде ачык жазылган, ага ылайык, адамдын жоопкерчилигин далилдеген же аны оорлоткон мыйзам, тескери таасирге ээ эмес, - деп айтты ал Vesti.kg сайтына. - Ал эми учурдагы абал так ушундай. Депутаттык комиссиянын түзүлүшү мыйзамсыз.

Исхак Масалиев («Өнүгүү – Прогресс») КСДПнын мүчөлөрүнүн өз лидерин коргоп жатышканын табигый көрүнүш катары сыпаттайт. Бирок, партиялаштар өздөрүнүн каттары менен логиканы бузуп жатышат деп эсептейт.

- Конституциянын 28-беренесинде айтылат, адамдын жоопкерчилигин далилдеген же оорлоткон мыйзам, тескери таасирге ээ болбойт, -деп ал Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүдө белгиледи. - Бирок, «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жана мурдагы президенттин статусу жөнүндөгү» мыйзам жоопкерчиликти далилдебейт, ал болгону кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө айтат. Жоопкерчиликке Кылмыш кодекси тартат. Бул жерде социал - демократтар түшүнүктү чаташтырууда. 

Ал эми КР ЖК регламентиндеги мурдагы мамлекет башчысы статусунан ажыратуу жана депутаттар аны Алмазбек Атамбаевге  колдонгондо, аны КР президенти кызматынан бошотуу процедурасы жөнүндөгү норманын жоктугу, андай деле көйгөйдү жаратпайт.

- Атайын комиссия мурдагы механизмдердин аналогиясы  менен иштеп жатат, буга уруксат берилет, - деп ишенет ал. - Ошол эле учурда мен бул түзөтүүгө каршы добуш бергем. Мен ошондо эле айткамын, көйгөйлөр болот деп, мурдагы президентти, азыркы президент менен теңеген болбойт, бул Конституцияга каршы келет.  Мени угушкан жок, азыр болсо талашып жатышат. Бул жерде талкууга себеп бар, бирок, мен муну принципиалдуу деп эсептебеймин.

Масалиев социал - демократтар депутаттарды сабатсыз деп күнөлөө менен Алмазбек Атамбаевди жөн эле коргоп чыгышууда дейт.  

- Эмнегедир алар, алты жыл бою мыйзамсыздык өкүм сүргөндө  унчугушпай жүрүштү, - деп белгиледи ал.

Ольга Федорчук

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх