Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кожобек Рыспаев кимдир -бирөөнүн аны атайын каралап жатканынан шектенет

ЖК депутаты сандарды кошууда капыстан адашып кеткендигин, чын-чынына келсе жакшы санай ала тургандыгын билдирди

Кыргызстандыктар социалдык түйүндөрдө Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыпаевди парламент жыйындарынын биринде «50+70=130» деп айткандан кийин,  «математика боюнча отдичник» дешип мыскыл менен аташкан.

Видеодо эл өкүлүнүн чыгып сүйлөгөнү Түйүндө таркаган жана чоң сандагы каарданган комментарийлер менен коштолгон. Ага карабай,  Vesti.kg сайтына парламентарий өзү айткандай, ал комментарийлерге көңүл бургусу келген эмес.

- Мен Интернеттеги сындарга көңүлүмдү бургум келбейт, - деп белгиледи Кожобек Рыспаев. - Эгер мен ошол жыйында машиналдык түрдө эсептеп ката кетирген болсом, ал менин эсептей албаганымды түшүндүрбөйт. Кимдир - бирөө мени атайын каралап жатат.

Эске салсак, мурдараак депутат «Жогорку Кенеште чимкириктер эмес, а кыргыз элинин элитасы олтурат» деп алып, коомчулук тарабынан сынга кептелген.

 

Фото www  





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх