Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Икрамжан Илмиянов «ачыгын айтпай жатат». КСДПдан болсо, анын тергөө менен келишүүгө баргандыгын жокко чыгарышууда

Президенттин мурдагы кеңешчиси керек болсо өзүнүн иши боюнча да эч кандай көрсөтмө бере элек

Президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмөлөрдү берди. Бул тууралу Facebook социалдык түйүнүндө көз карандысыз журналист Тынчтык Алтымышев кабарлады.

«Менин өз булактарым Икрамжан Илмияновдун өзүнүн жетекчисине карата көрсөтмөлөрдү берди деп кабарлашты», - деп жазды ал.

КСДПдан аталган маалыматты четке кагышты.

«Социал-демократтардын»  расмий өкүлү Кундуз Джолдубаева Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүдө, мунун кезектеги ушактар экендигине ишендирди.

- Кечээ күнү Икрамжан Илмияновдун коргоочусу менен сүйлөштүм. Анын айткандары боюнча, Илмиянов керек болсо өзүнүн иштери боюнча да көрсөмө бере элек. Бул кезектеги ойдон чыгарылган ушактар, - деди ал.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси  Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын октябрь айында Россияда кармалып, Бишкекке алынып келинген.

Ага «алдамчылык» беренеси  боюнча күнөө тагылган.

Мурдараак, ИИМнин өкүлү Жогорку Кеңеште Шамил Атаханов Азиз Батукаевдин бошотулушу жөнүндөгү иш боюнча Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмөлөрдү берди деп билдирген. Андан тышкары, камактагы Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев дагы Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмөлөрдү берип баштаганы тууралу маалыматтар пайда болгон.

Манас Кольбаев

Фото www





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх