Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттык комиссиянын башчысы Артыкбаевдин Атамбаевге каршы кандай көрсөтмөлөрдү бергендигин айтып берди

 Мурдагы министрди,  балким мурдагы президент түрткөн компания тендерден утулуп калгандыгы үчүн кызматтан алышкан

Камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев тергөөдө Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБине көмүр ташуу маселелеринде таасири болгон деп билдирди. Бул тууралу Vesti.kg сайтына мурдагы президенттин кол тийбестигинен ажыратуу боюнча түзүлгөн парламенттик атайын комиссиянын башчысы Каныбек Иманалиев айтып берди.

Эл өкүлү, тергөө органдарынын өкүлдөрү кечээ Артыкбаевдин Атамбаевге каршы берген көрсөтмөлөрүн угузгандыктарын тастыктады.  

- Бизге тергөөчүлөр билдиргендей, Алмазбек Атамбаев Артыкбаевди бир нече жолу өзүнө чакырып алып, белгиленген бир компания тендерден утушу керек деп көрсөтмө берген, - деген ойду бөлүштү Иманалиев. - Качан башка компания конкурсту утуп алганда, Артыкбаевди энергетика министринин кызматынан алып коюшкан.

Депутаттык комиссиянын кечээ чыгарган жыйынтыгында,  мурдагы президент «Прогресс компани» компаниясынын кызыкчылыктарын коргогондугу айтылган.

- Артыкбаевдин көрсөтмөлөрү мурдагы президенттин көмүр ташуу маселелерине аралашкандыгынан шектенүүгө негиздер болгондугун билдирет, деп белгиледи депутат. - Ошондуктан келгиле, кол тийбестикти алып коелу, укук коргоо органдары өз бааларын беришсин. А эгерде кылмыштын курамы бар болсо, бул иштер сотко чейин жетсин.

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх