Өмүрбек Бабанов эс алуудан кийин Россияга кайтып келди
Президенттикке мурдагы талапкердин соратниктери анын жакында Кыргызстанга кайтып келишине мурдагыдай эле ишенишет
Кыргызстандын президенттигине мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов эс алуудан кийин үй-бүлөсү менен Россияга кайтып келди. Бирок. анын качан мекенине кайтып келиши тууралу мурдагыдай эле белгисиз.
Жогорку Кеңештин «Республика - Ата Журт» фракциясынан депутат Руслан Казакбаевдин Vesti.kg сайтына кабарлаганына караганда, бүгуүнкү күндө Өмүрбек Токтогулович, бизнес-долбоорлор менен гана алектенүүдө.
- Ал азыр Россияда, өзүнүн жалгыз экономикалык долбоорлору менен алектенүүдө, деди ал. - мурдагыдай эле кыргызстандын экономикалык өнүгүшү боюнча идеялар менен күчкө толгон убагы жана өлкөбүзгө инвестицияларды тартууну көздөөдө. Бабанов жакынкы аралыкта мекнеибизге кайтып келүүнү максат кылууда.
Эске салсак, Өмүрбек Бабанов кыргызстандан президенттик шайлоолор өткөндөн кийин, ага карата козголгон кылмыш иштерине байланыштуу өлкөдөн чыгып кеткен.
Зулайка Эркимбаева
Фото www