Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Парламент Матраимовдорду  «агартуудабы»? Депутат «Азаттыктын» иликтөөлөрүн сынга алды

Бакыт Төрөбаев, журналистерге документти террористер же алдамчылар бериши мүмкүн,- деп билдирди

Журналистик иликтөөлөр өлкөнүн өнүгүшүнө зыян келтириши жана туристерди коркутушу мүмкүн деп билдирди .

Анын айтымында, «Азаттык» радиосу таркаткан Кыргызстандан чыгарылып кеткен каражаттар тууралу маалыматтарды укук коргоо органдары текшерүүгө милдеттүү.

- Журналистерди бекеринен бийликтин төртүнчү бутагы деп айтышпайт, - деп эске салды ал. - Бирок, бүгүнкү күндө, ЖМКнын өкүлдөрү өлкөнү өнүктүрүүнүн ордуна, фейк таратуу жана элдерди каралоо менен алек. Мисалга,  «Азаттык» 700 миллион доллардын чыгарылып кеткендиги тууралу иликтөөнү жалган документтердин негизинде жүргүзгөн. Аларга бул документтерди террористер же алдамчылар бериши мүмкүн.

Парламентарий,  «Азаттык» тарабынан жарыяланган документтер, жасалма документтер болушу мүмкүн деп эсептейт.

- Укук коргоо органдары ушуга окшогон материалдарга көңүлдөрүн бурушу керек, эмнеге  дегенде, мындай нерселер аягында туристердин келишин кыскартат, - деп жыйынтыктады Төрөбаев.

Эске салсак, «Азаттыктын» иликтөөлөрүндө МБКнын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү Айэркен Саимаитинин жана  «Абдыраз» ЖЧКнун жардамы менен Кыргызстандан 700 миллион долларды чыгарып кеткендигине аралашкан деп айтылган.

Кийинчерээк, Кыргызстандын финансылык чалгындоо Мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы, Саимаити которгон акча каражаттарына матраимовдордун тиешеси бардыгын четке каккан.  

Зулайка Эркимбаева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх