Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку сот Аида Салянованын биринчи кылмыш ишин кайра карайт

Коргоо тарабы айыптоолорду алып салууну талап кылууда

Бүгүн Жогорку сот мурдагы башкы прокурор Аида Саляновадан кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген фактылар боюнча коюлган айыптоону алып салуу жөнүндөгү укук коргоочулар менен юристердин өтүнүч арызын карайт. Бул тууралу Салянованын коргоочусу Рабига Садыкова Vesti.kg сайтына кабарлады.

- Өтүнүч арыз жаңы кодекстерде аталган берененин криминалдан алынып салынгандыгына байланыштуу жөнөтүлгөн, - деп түшүндүрдү ал. - Юристер анын кыймылында кылмыштын курамы жок болгон де эсептешет. Коргоо тарабындагылар бул өтүнүч арызы менен аталган фактылардагы бардык айыптоолорду алып салууну көздөшүүдө.

Эске салсак,  мурдараак Аида Салянованы Юстиция министри болуп турган учурунда кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айып тагышкан. Аны Алексей Елисеевге адвокаттык лицензияны мыйзамсыз берген деп күнөөлөшкөн. Салянованы 5 жылга эркинен ажыратышып, кызынын жашы 14кө толгонго чейин, жазаны аткаруу мөөнөтүн 12 жылга жылдырышкан.

Азыркы учурда мурдагы башкы прокурор кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жөнүндөгү  иш боюнча тергелип жатат.

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх