Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Опумбаевдин УКМК башчысы болуп дайындалгандыгын мурдагы чекистер кандай кабыл алышты

«Анын жеке сапаттарын талкууга алуу этикага жатпай тургадыгын, бирок сүйүнгөнүбүз, бул кызматка кадрдык чекистин келгендиги болду»

Орозбек Опумбаевдин УКМКнын башчысы болуп дайындалышы - кадрларды тандоодогу эң жакшы чечим болду. Ушундай пикири менен  Vesti.kg сайтына УККнын төрагасынын мурдагы орун басары, мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев бөлүштү.

-Мен Опумбаев менен бирге иштешкенмин - ал өз ишинин кесипкөйү, - деп белгиледи Элмурза Ракиевич. - Менимче, бул туура дайындоо. Ал өзүнө жүктөлгөн милдеттерди толук аткарат.

УКМКнын экономикалык коопсуздук башкармалыгынын мурдагы башчысы, көз карандысыз эксперт Максат Мамытканов да жаңы дайындалган УКМКнын төрагасы тууралуу жактырган пикирлерин билдирди.

- Анын жеке сапаттарын талкууга алуу этикага жатпайт, - деди ал Vesti.kg сайтына. - бирок сүйүнгөнүм, бул кызматка кадрдык чекистин келгендиги. Бул жакшы көрүнүш. 

УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев өз кезегинде, Орозбек Опумбаев менен жеке тааныш эмес экендигин, бирок президент өлкөнүн башкы чекистик кызматына талапкерди өзгөчө кылдаттык менен тандаган деп ойлойт.

-Эгерде Сооронбай Жээнбеков Опумбаевди тандаган болсо, бул деген, анда ошол  кызматты аткаруу үчүн бардык керектүү сапаттар бар дегендик, - деп божомолдоду ал Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүдө.

Эске салсак, мурдараак  Vesti.kg сайты УКМКнин төрагасы болуп Орозбек Опумбаев дайындалгандыгын билдирген.

Мекеменин мурдагы башчысы Идрис Кадыркулов е-паспорттордун даярдалышы менен байланышкан чуу менен кызматынан кеткен.

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх