Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карашы мүмкүн

Соттук жыйын 16-июлга белгиленген

Жогорку Сот «Ата Мекен» партиясынын соттолгон лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карайт. Бул тууралу анын коргоочусу Таалайгүл Токтакунова Vesti.kg сайтына кабарлады. Маалыматты Жогорку Сотто тастыкташты.

- Жаңы ачылган жагдайлардын пайда болгондугунан биз Жогорку Сотко арыз менен кайрылганбыз, - деп түшүндүрдү Токтакунова. - Эгерде кайра кароого негиздер бар болсо, алар бардык мурдагы өкүмдөрдү алып салышы керек жана ишти биринчи инстанцияга жөнөтүшөт, ал жерде иш негизи боюнча каралышы зарыл. Эгерде баары мыйзамдын чегинде болсо, мен ойлоймун, ишти кайрадан карашат.  

Өткөн жылы Текебаевдин коргоочулары Башкы прокуратурага ишти кайра кароо тууралу кайрылышкан болчу, бирок жооп ала алышкан эмес. 2019-жылдын январь айынан бери Кылмыш - прцессуалдык кодексине түзөтүүлөрдүн киргендигине ылайык, ишти кайра кароо чечимин сот кабыл алат.

Юристин айткандары боюнча, 2010-жылы 13-майда «Супара» этнокомплексиндеги Маевский менен болгон жолугушууга Текебаев да, Чотонов да катышпагандыгы тууралу бардык далилдерди коргоочулар көрсөтүүгө даяр. Коргоочулар соттон өкүмдү акыйкат чыгаруу үчүн бардык күбөлөрдү сурап чыгууну өтүнүшүүдө.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаевди жана  Дүйшөнкул Чотоновду MegaComдун мобилдик операторуна кирүүгө жана аны башкаруу үчүн россиялык бизнесмен Леонид Маевскийден 1 миллион өлчөмүндөгү пара алган деп Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин  «Паракорчулук» беренеси менен күнөөлүү деп табышкан. Экөөнү тең үй мүлкүн конфискациялоо шарты менен 8 жылга эркинен ажыратышкан.

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх