Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Орозова Атамбаевди коргоп чыкты. Төрага Орозовага ал өзүн баатыр кылып көргөзбөшүн өтүндү

Эл өкүлү кесиптештерине, мурдагы президентти кандай мактагандарын эсине салды, жана Жогорку Кеңеш бүгүн тарыхый чечим кабыл ала тургандыгын белгиледи.  

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди статусунан ажыратуу үчүн ага коюлган айыптарды бекитүү жөнүндөгү» токтом долбоорун талкуулашат.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттарга жана кыргызстандыктарга кайрылуу менен эл өкүлү Карамат Орозова чыгып сүйлөдү.

КСДП фракциясынын депутаты бүгүн тарыхый чечим кабыл алынып жаткандыгын кесиптештеринин эсине салды.

- Парламент бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы болуп саналат, өз ыйгарымдарыбыздын негизинде биз эл аралык келишимдерди ратификациялоону көзөмөлдөшүбүз, бюджетти кабыл алышыбыз, чек ара маселелерин чечишибиз керек, - деп эскертти ал. - Биз өкмөткө протоколдук тапшырмаларды беребиз. Бирок, акыркы мезгилдерде мени өкүнткөнү, - элдин көйгөйлөрүн көтөрүүнүн ордуна, биз жеке таарынычтарды көтөрүп чыгып, аларды күн тартибине киргизүү менен алектенүүдөбүз.

Орозова жарандар ар бир өткөн жыйынды байкап олтурушат жана депутаттардын аракеттерине баа беришет деп баса белгиледи.

- Дагы башкы прокурорго да кайрыламын, - деп сөзүн улантты депутат. - Биздин өлкөдө кийинки мезгилдерде мыйзамды бузуу болуп жатат. Өлкөбүздүн жана балдарыбыздын келечеги үчүн биз туура чечимдерди кабыл алышыбыз керек. Бүгүн мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, жаш баласы бар аял, тергөө абагында олтурат. А аныгында кылмышты жасагандар өлкөбүздөн сыртта жүрүшөт.

Аны менен бирге ал Алмазбек Атамбаев президент кезинде кандай жылуу учурашкандарын кесиптештеринин эсине салды.

- Анын президент учурунда сиздерден анын дарегине кандай жылуу сөздөрдү укканым жок, - деп белгиледи ал. - Депутаттар андан көп тажрыйба алышкандыктарын, Түндүк-Түштүк жолун Атамбаевдин урматына атоону,  ага баатыр наамын берүүнү айтышпады беле. Мурдагы президенттин иштеген убагында үч жыл боюу анын кабыл алуусуна кире алышпаган депутаттар болгон. Менин ага таарынычым жок, себеби, ал силер үчүн эмес, а элдин жыргалчылыгы үчүн иштеген.

Карамат Бабашевна ошондой эле Атамбаевдин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын эсептеп берди.

- Ал иштеген алты жыл ичинде өлкөбүзгө Россия - Кыргыз өнүгүү фондуну алып келди, канчалаган мектептер менен жолдорду курду, - деп айтты ал. - Айлык акылар жогорулады, жана өз убагында берилип жатты, кечиктирилбестен жана азыктар менен эмес. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн үйлөр курулду.

Эл өкүлү депутаттар жыйындарда берген өздөрүнүн ар бир добушу үчүн жоопкерчиликти алышы керек деп кошумчалады.

- Конституция бар, элдин пикири бар, - деп белгиледи Орозова. - Биз ар бир добушубуз жана койгон колубуз үчүн жооп беришибиз керек.

Андан тышкары, парламентарий бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келе жаткан аймактардагы көйгөйлөрдү эсептеп чыкты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков өз кезегинде Орозованын кайрылуусуна жооп берди.

- Эгерде кээ бир адамдар өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, элибиздин жыргалчылыгы үчүн иштегенде, сиз айткан көйгөйлөр бүгүн чечилген болот эле, - деди төрага. - Өзүңүздү баатыр эсептештин жана бөрүнүн терисин кийиштин кереги жок.

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх