Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ирина Карамушкина: Эркек - депутаттар, сиздердин кайратыңыздар кайда!?

Эл өкүлү анын кесиптештери 20 адамдын жетегинде болуп жаткандарын түшүнбөйт

Жогорку Кеңештин депутаттары ошондой эле мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүн жоопкерчиликке тартуу боюнча да ушундай активдүү болушу керек эле. Бул тууралу «Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге аны статусунан ажыратуу үчүн ага каршы айыптарды коюу жөнүндөгү» токтомдун долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө эл өкүлү Ирина Карамушкина билдирди.

- Бакиевдерге байланыштуу сиздердин принципиалдуулугуңар болсо кана, - деди депутат. - Алар өлкөнү талап кетишкен жана тынч жашап жатышат, а Атамбаев болсо эч жакка кеткен жок жана жооп берүүгө даяр. Силер болсо ага асылдыңар да, калдыңар. Эркек - депутаттар, сиздердин кайратыңыздар кайда? Эмне үчүн сиздер кайдагы 20 кишинин жетегинде болуп жатасыздар.

Эл өкүлү ошондой эле, Атамбаевден кол тийбестикти алып салууга берилген добуштардын жыйынтыктарын жарыялоону талап кылды.

Андан тышкары, Ирина Юрьевна атайын депутаттык комиссиянын башчысы Каныбек Иманалиевге байланыштуу кылмыш иши козголгондугун белгиледи.

Каныбек Капашович өз кезегинде анын билдирүүсүн четке какты.

 

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх