Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каныбек Иманалиев: Биз Атамбаевди күнөөлөгөн жокпуз, ага азырынча негиздер жок

Мурдагы президенттин ишин Башкы прокуратура  эски кылмыш кодекси менен карайбы же жаңысы мененби, парламентте кызыга башташты

Кыргызстандын мурдагы президентинен кол тийбестикти алып салуу боюнча атайын депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев комиссиянын жыйынтыгын окуп берди.

Парламентарий КСДПнын, депутаттардын комиссияны түзгөнгө укукгу жок болчу деген арызына да жооп берди.

- Бардыгы мыйзам менен соттун алдында бирдей укуктуу деп  Конституцияда жазылган, - деп баса белгиледи Иманалиев. - Биз Атамбаевди күнөөлөгөн жокпуз, ага азырынча негиздер жок. Эсиңиздерге салсам, 12 -октябрда Конституциялык палата мурдагы президентти жоопкерчиликке кандай негиздерге ылайыктап  тартуу боюнча так аныктамаларды берген. Андан тышкары, мени жана Талант Мамытовду кызыкчылыктардын конфликти болгондугунан аталган комиссиянын курамына кирбеши керек деп көпчүлүк айтып жатышат. Бирок, бул кай жерде жазылган? Эгерде мүлк боюнча же материалдык негиздеги талаш болсо, анда башка сөз. Биз регламентти бузган жокпуз.

Каныбек Капашович депутаттык комиссиянын эки эле күндө бүтүмүн чыгарып койду деген жемелөөлөргө да жооп берди.

- Биз андан кол тийбестик деген скафандрды сыйрыйлы деп жатабыз, - деп ачыктады депутат. - Эгер биз эки ай иштесек, анда саясатчылар бизди жыйынтыктар менен создуктуруп жатасыңар дешмек. КСДП Атамбаевди чакырышпады деп ачууланууда. Чынында эле биз бардыгын чакырдык жана эшигибиз ачык болду. Бирок, алар келишкен жок. Мунун баарына журналистер  күбө. Акыйкатттуулук үчүн биз бул жерге Атамбаевди чакырышыбыз керек эле. Анда Текебаевди да чакырышыбыз керек.

Каныбек Иманалиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу ал шектелген алты эпизод боюнча мыйзам бузууларды айтып өттү.

- Укук коргоо органдары өздөрүнүн иликтөөлөрүн жүргүзүшү үчүн, биз кол тийбестикти алышыбыз керек, - деди эл өкүлү. - Андан кийин, эски кылмыш кодекси боюнча жоопко тартылабы же жаңы мыйзамдар мененби, Башкы прокурор чечиши керек.

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх