Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Асель Кодуранова кесиптештерине Атамбаевден кол тийбестикти мыйзам боюнча алып салууга болбойт деп билдирди

Депутат парламенттик атайын комиссиянын ишин мыйзамсыз деп атады

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алып салуу маселеси боюнча депутаттык атайын комиссия мыйзамды бузуулар менен түзүлгөн. Бул тууралу парламенттин жыйынында депутат Асел Кодураңова  билдирди.

- Бүгүн биз депутаттык атайын комиссиянын жыйынтык бүтүмүн кароодобуз, бирок, аталган комиссияны түзүүнүн өзү көптөгөн талаштарды жаратууда, -деп белгиледи ал. - Конституциянын 28 - беренеси бузулган, анда жоопкерчиликти дагы кыйындаткан мыйзамдын таасири артка карай күчкө ээ болбойт деп жазылган.  Алмазбек Атамбаев 2017-жылы кызматтан кеткен. Биз болсо, мыйзамды 2019-жылдын апрелинде кабыл алып жатабыз. Бул демек, нормалар артка карай күчкө ээ болбойт дегендик.

Андан да кыйгап өттүк, комиссияны Жогорку Кеңештин регламентине ылайыктап түздүк. Кайра эле мыйзам бузуулар. Атап айтканда - кызыкчылыктардын конфликти. Комиссиянын төрагасынын, ошондой эле кээ бир комиссия мүчөлөрүнүн жеке таарынычтары бар, ошондуктан мыйзам боюнча алар өздөрүн кайра артка чакырып алышы керек эле.

Андан тышкары, Асел Союзбековнанын айткандары боюнча, Конституциялык палатанын чечими да мыйзамсыз.

- Конституциялык  палата мурдагы президенттен кол тийбестикти алып салуу кызматынан ажыратуу менен бирдей тартипте болот деген чечим чыгарган, - деди ал.  - Бирок, Кылмыш кодексинде аналогия боюнча мыйзамды колдонууга тыюу салынган. Жогорку Кеңештин регламентине кол тийбестик жөнүндө өзүнчө беренени киргизүүнү мен айтканмын. Бирок, аны биз жасаган жокпуз. Анда комиссиянын мыйзам бузуулар менен чыгарылган жыйынтык бүтүмү мыйзамдуу болобу?

Зулайка Эркимбаева

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх