Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаевди коргогондор парламентте көбөйүүдө. Жанар Акаев кесиптештерин уяткарды

«Эл кандай гана бийлик болбосун иштешип  жаткандардан чарчады»

Жогорку Кенештин депутаттары Алмазбек Атамбаевдин өлкөбүздүн президенти маалында, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы тууралу унчугушкан эмес. Бул тууралу Жогорку Кеңештин жыйынында Жанар Акаев билдирди.

Парламентарий кесиптештерин кээ бир саясий топторго эмес, элдин кызыкчылыктары үчүн иштөөгө чакырды.

- Атамбаевдин президент маалында, мен дайыма анын кемчиликтерин бетине айтчумун, - деп белгиледи Акаев. - Бирок, учурда ал бийликтен түшкөн, жана мен тараптан жыгылганга кол салуу өтө ыңгайсыз. Эгер парламент өз учурунда бүгүнкүдөй бириккен болгондо, аткаминерлерге ушундай эле куугунтукту жасашса, азыркыдай Алмазбек Шаршеновичке жасагандай, анда биз өзүбүздүн чыныгы милдеттерибизди аткарган болот элек. Сиздер айтып жатасыздар, Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча  журналистерге байланышкан куугунтук болгон деп, анда эмнеге ал мамлекет башчысы болуп турганда бул маселени көтөрбөдүңөр?

Акаевдин айтымында, ар бир жаңы бийликке иштей берген саясатчылардан кыргызстандыктар эбак эле чарчашкан.

- Эгерде сиздер бири - бириңиздерге каршы сүйлөй берсеңиздер, анда бул ыйлай турган жыйынтыктарга алып келет, деди ал. - Өмүрбек Текебаевди Маевскийдин көрсөтмө бергенинен улам түрмөгө олтургузушту, азыр болсо Шамил Атаханов Атамбаевге каршы көрсөтмө берип жатат. Ошол эле учурда эл бардык бийлик менен иштей берген саясатчыларды көргүсү келбейт. Биз бул жерде жаңы шоферлорду жана Манас Арабаевдерди төрөтпөшүбүз керек.

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх