Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Илим Карыпбеков: Депутат Жолдошбаев өзү боюнча бизге баа бере бербесин - эч кандай той болгон эмес

Парламентарий болсо, КТРКнын мурдагы башчысынын урматына өткөрүлгөн салтанаттан тартылган сүрөттөр бар экендигине ишендирүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев КТРКнын мурдагы директорунун урматына коштошуу тоюн өткөрүшүп, тай союшкан деп парламентте билдирди.

Ал КТРКны байкоочулар кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеевден бул жөнүндө айтып берүүсүн өтүндү, ал болсо бул маалыматты четке какты.

«Менде чакырылгандарга кешиктер таратылып жаткандагы жерден жазуулар бар. Албетте, ал жерге сизди чакырган эмес. КТРК кандайдыр бир иш-чара өткөрөт да, билеттер боюнча киргизишет. Сатылган билеттерден түшкөн акчалар кайда? Сиздер уктап жатасыздар, ал эми салык кызматы, азыр бул маселенин үстүнөн иштеп жатышат»,- деди Жолдошбаев.

Ал арада КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков Vesti.kg сайтына эл өкүлү айтып жаткан той болбогондугун айтты. Ал Жолдошбевге «өзүнө карап баа бербөөнү» сунуштады.

- Мен Камчыбек Жолдошбаевдин эмнелерди айтып жаткандыгынан эч бир түшүнүгүм жок, - деп ишендирди Карыпбеков. - Эгерде ал, ар бир шылтоо менен той өткөрүпжатса, бул деген бардыгы эле ошондой той өткөрө берет дегендик эмес. Бардыгында эле, анда болгондой акчасы жок. Ал мүмкүн, бардыгын өзүндөй көрүп жатат.  

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх