Депутаттар Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу долбоорун Башкы прокуратурага жөнөтүштү
«Ооба» деп 100 депутат добуш беришти
Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди статусунан ажыратуу үчүн ага каршы айыптарды коюу жөнүндөгү» токтомдун долбоорун колдоп добуш беришти.
Жалпы катталгандар 105 депутат.
«Ооба» деп добуш бергендер - 100, «каршы» - 5.
Атайын депутатык комиссиянын жыйынтыгы Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алып салууну депутаттар келерки пленардык жыйында карашат.
Эсиңиздерге салсак, атайын депутаттык комиссиянын жыйынтык - бүтүмүндө Алмазбек Атамбаев Тарых музейин реконструкциялоодо, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууда, борборубуздагы жылуулук борборуна мыйзамсыз көмүр жеткирүүдө, үй куруу үчүн жер тилкесин алууда жана Ысык - Көл облусундагы жерди мыйзамсыз бөлүштүрүүдө айыпталып жатат.
Зулайка Эркимбаева
Фото www