Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев өзүнүн дарегине айтылган депутаттардын айыптоолорун сандырактык деп атады

КСДПдан Шамил Атаханов менен Осмонбек Артыкбаевдин мурдагы президентке каршы көрсөтмөлөрдү бергендиги жөнүндө комментарий беришкен жок

КСДПда мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин Алмазбек Атамбаевге карата каршы көрсөтмөлөрдү бергендиги тууралу укук коргоо органдарынын билдирүүсүн да комментарийлешкен жок.

Vesti.kg сайты менен болгон сүйлөшүүдө мурдагы президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Алмазбек Атамбаевдин аталган фактылар боюнча өзүнүн пикирин бөлүшпөгөндүгүн белиледи.

- Бул жаңылыкты ал кандай кабыл алды, мен билбеймин, -деди ал. - Бир гана, комиссия анын дарегине айыптарды тагып жатканда, Алмазбек Шаршенович, бул сандырактык деп айтты. Мындайча айтканда, анын айткандары боюнча, бийлик элдин көңүлүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн башка жакка бурууну каалап жатат.

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайты, Шамил Атаханов криминалдык төбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу тууралу иш боюнча тергөө менен кызматташып баштаганын  билдирген.

Кийинчерээк болсо, Бишкек ЖЭБине көмүр ташууда мурдагы президенттин ага колдоочулук кылганы тууралу фактылар боюнча Осмонбек Артыкбаевдин мурдагы президентке каршы көрсөтмөлөрдү бергендиги жөнүндө маалыматтар пайда болгон.

Аталган маалыматтар Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алып салуу маселеси боюнча атайын түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынынын журүшүндө кеңири коомчулукка белгилүү болду.  

Вероника Малышева

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх