Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча добуш берүүдө эмне үчүн кээ бир депутаттар добуш берүүнү өткөрүп жиберишти?

Парламентарийлер тагдыр чечиле турган чечимди кабыл алууда ЖК жок болгондугунун  себептерин айтып беришти

Кечээ, 20 июнда Жогорку Кенештин депутаттары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестик статусун алып салуу долбоору боюнча добуш беришти.  «Макул» деп 100 эл өкүлдөрү добуш беришти. Vesti.kg сайтынын редакциясы ошол учурда добуш берүүдө жок болушкан парламентарийлерден алардын пленардык жыйынга эмнеге катышпаган себептерине кызыгышты.

Депутат Кубанычбек Нурматов Vesti.kg сайтына, добуш берүү маалында ага адамдар келишкендигин, алар менен бирге кабинетинде болушканын айтты.

- Мен добуш берүүгө жетишпей калдым жана чыгып кеттим, себеби, мага адамдар келишкен эле, - деди Нурматов.

Дагы бир добуш берүүгө катышпаган парламентарий Чыныбай Турсунбеков, Vesti.kg сайтына Караколдо болчумун деп билдирди. Анын айткандары боюнча,  анын «маанилүү иштери» болуп жаткан. Бирок, «Кимге керек болсо - ошого майда - чүйдөлөрүн айтып берем» деп, майдалап айтып бергенден баш тартты.

- Менде бир маанилүү иш бар болчу, -деп билдирди Чыныбай Акунович. - Мен ошол иштер менен кеттим эле. Силерге анын кандай иш экендигин айта албаймын. Кимге керек болсо - ошого айтамын.

Депутат Акылбек Жапаровдун жардамчысы Vesti.kg сайтына, анын жетекчиси бир жумадан бери АКШда жүргөндүгүн кабарлады.

Өз кезегинде Дастан Бекешев дагы Жапаров сыяктуу эле Америка Кошмо Штаттарында болууда.  

Руслан Казакбаев бир аз мурдараак дарыланууда экендигин Vesti.kg сайтына кабарлады.

Жыйынга катышпаган калган эл өкүлдөрүнөн комментарий алууга мүмкүн болбоду.

Эльдос Казыбеков

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх