Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Жээнбековдорду ошол жылдарда өкмөттү жана Жогорку Кеңешти башкарууга «автоматтын оозу астында» кысташкан эмес

Атамбаев, булганыч саясатчыларга кантип болсо да, президенттин үй-бүлөсүнүн алдында көшөкөрдөнүү керек болгон  деп билдирди

КСДПнын маалымат кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештин депутаттарынын өз дарегине айткан айыптоолору боюнча билдирүүсүн таратты.

«Менин дарегиме Жогорку Кеңештин депутаттарынын койгон айыптоолору өтө абсурд болуп саналат, эч кандай укуктук негиздери жок, ойдон чыгарылган ушактарга таянган жана учурдагы президенттин саясий оппонентин жок кылууга жасаган аракети болуп эсептелет.

Сооронбай Жээнбеков менин унчукпай олтурушум үчүн ойдон чыгарылган айыптарды тагуу менен мыйзамсыз соттоо үчүн башка эч бир ыкма таба алган жок. Бирок, мына бир жылдан ашуун мезгилден бери бул максатта эң булганыч методдор, эң булганыч саясатчылар, эң булганыч ушактарды колдонсо да, анын колунан эчтеке келбейт. Менин ак ниет атыма каршы атакаларда бийлик тарабынан колдонулган Жогорку Кеңештин депутаттарынын фамилиялары менен алардын беделдерине карап көрсөңүздөр эле жетиштүү болот. Чындык мен тарапта экендигиннин дагы бир ачык далили болуп, канчалык тездик жана коркоктук менен Конституцияны бузуп, башка мыйзамдарды кыйгап өтүп, документтерди жашырышып, Жээнбековдордун үй-бүлөсүнүн алдында көшөкөрдөнүү үчүн парламенттик трибунадан чыгып, кара санатайлык менен калпты сүйлөштү. Апрель революциясынан кийин өздөрүнүн артыкчылыктарынан, мыйзамсыз кардыны кампыйтуунун булактарынан жана уурдап алган мүлктөрүнөн айрылгандан кийин, алар Атамбаевге сезилерлик сокку урушу жана андан өч алышы керек эле.  

Тилекке каршы, мен чындыгында адамдар менен мамиле кылууда адашыпмын. Бир тууган Жээнбековдор баш болгон кошоматка өтө жакын болгондор менин өтө жаалданган душмандарыма жана сынчыларыма айланышты. А менин бүгүнкү күндөгү коргоочуларым, менин президенттигим учурундагы «иште болбогон», же керек болсо «хандын каарына» туш болушкандар болуп жатат.  

Мен кудайдын алдында жана элимдин алдында тазамын! Өз уятымдын алдында жана мыйзам алдында да! Ушул жылдарда эмне жасасам, бардыгын элим үчүн жасаганга аракет кылдым жана алардын баары элге калат!  

Жоопкерчиликтен эч качан корккон эмесмин жана Кыргыз Республикасынын Президенти кезимдеги өзүмдүн ар бир чечимим үчүн жооп берүүгө даярмын. Бирок, Жээнбековдор тарабынан мага бөлүнгөн жана алар тарабынан ойлонуп табылган кылмыштар үчүн кордолуучунун ролун, албетте, ойной албаймын. Алар, өздөрүнүн булганыч фантазияларын мага оодарып коюп, көпкө чейин элди ушинтип алдай албайт. Андан дагы колдорунан келбейт. Эл бардыгын көрүп турат, Жээенбековдордун, алардын кошоматчыларын эч ким «автоматтын оозу астында» ошол жылдарда өкмөттү, парламентти, комитеттерди башкар, укук ченемдик документтерге кол кой  деген эмес. Чындык жана мыйзам мен тарапта! Мен үчүн абийирим - өмүрүмдөн кымбат!», – деп билдирди Атамбаев.

 

КСДПнын маалымат кызматы

Фото www 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх